НУРМАНБЕТОВА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска

НУРМАНБЕТОВА Эсенбүбү (13. 6. 1957-жылы туулган, Талас обл., Талас району, Чоң Алыш айылы) - опера ырчысы (лирика-колоратуралык сопрано), КРдин эл арт. (1995). В. Маяковский атындагы Кыр­гыз мамлекеттик кыз-келиндер педагогикалык институтун (1978), Б. Бейшеналиева атындагы КМИИни жеке ырдоо бөлүмүн (1984) бүтүргөн. 1984-жылдан А. Мал­дыбаев атындагы Кыргыз Улуттук' академиялык опера жана балет театрында опера ырчысы болуп эмгекте­нет. 1987-88-ж. Москвадагы Чоң театрда чебер­чилигин өркүндөткөн. 1990-жылдан Опера жана балет театрынын алдындагы 2 жылдык студия­да жеке ырдоо боюнча сабак берет. Аткарган не­гизги партиялары: Калыйман, Валентина, Зу-

лайка (В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере, «Айчүрөк», «Токтогул», «Ажал ордуна»), Зияда (Н. Давлесов, «Аста се­кин, колукту»), Ак Мөөр (Ж. Каныметов «Ак Мөөр»), Жильда, Виолетта (Ж. Верди «Ри­голетто», «Травиатта»), Розина (Ж. Россини, «Се­вильялык чач тарач»), Арсена (Й. Штраус (уулу), «Цыган барону») ж. б. Н. А. Алябьевдин «Булбул», Л. Хамидинин «Булбул», Н. Давле­совдун «Таң булбулу», К. Молдобасановдун ыр­романстарын, С. Юсупов, А. Жаркынбаев, А. Аманбаев ж. б. композиторлордун, кыргыз обончуларынын (А. Бедияров, «Гүлгүнжаш»; О. Ырысалиев, «Жүрөлүчү жүрөк оорутпай» ж. б.) ырларын чебер аткарат. Румыния, Ал­жир, Моңголия, Түркия, мурунку СССРдин көптөгөн ш-ларында (Москва, Свердловск, Ниж­ний Тагил, Барнаул, Ярославль, Сочи, Киев ж. б.) гастролдо болгон. КРдин Жаштар сыйл. лауре­аты (1992), А. Малдыбаев атындагы эл аралык сыйл. лауреаты (2005).