НИТРОБИРИКМЕЛЕР: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска
НИТРОБИРИКМЕЛЕР, КЬЮ2 - молекуласындагы көмүртек атому менен байланышкан бир же бир нече нитротобу ЬЮ2 бар органикалык бирикмелер. Алар курамындагы нитротобунун санына жараша моно-, ди-, трижана полиН-ге бөлүнөт. Н. алифаттык (нитропарафиндер, нитролефиндер), ароматтык (нитроанилиндер, нитробензол, нитронафталиндер, нитротолуолдор ж. б.) жана майлуу ароматтык болуп айырмаланат. Ароматтык Н. - сары түстөгү суюктуктар же кристалл түрүндөгү заттар. Көпчүлүк полинитробирикмелер - жарылгыч заттар. Эң жөнөкөй алифаттык Н. - түссүз суюк заттар. Сууда начар эрийт. Алифаттык Н. эки таутомердик формада кездешет. Н. гидроксиламинге жана аминдерге чейин калыбына келет. Негиздер менен реакцияга кирип, туздарды пайда кылат. Ядродогу ЬГО2 тобу жана суутектин атому башка функциялык топторго орун алмашууга жөндөмдүү. Алифаттык Н. альдегиддер жана кетондор менен тез конденсацияланып, нитроспирттерди пайда кылат. Алар парафиндерди суюк же буу фазасында суюлтулган азот кислотасы менен 140-150°Сде нитрлөөдөн; ароматтык Н. - ароматтык углеводороддорду нитрлөөдөн алынат. Алар боёкторду, жарылгыч заттарды алууда колдонулат.