География:КАРАКОЛ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ: нускалардын айырмасы
disc_geo>KadyrM No edit summary |
disc_geo>KadyrM No edit summary |

| 1-сап: | 1-сап: | ||
КАРАКОЛ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ – | КАРАКОЛ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ – Ош ж-а Нарын облустарынын чек арасындагы көмүр кычкыл газдуу минералдуу муздак суу булактары. Фергана тоо тизмегинин батыш ж-а чыгыш капталдарында. Булактар жер астынан агып чыгып, газ бөлүп турганы жерг. элге илгертеден белгилүү болсо да, анда геол. жумуштар 1951-ж. жүргүзүлгөн. Булактар тоонун эки капталында болгондуктан, алар Батыш Каракол ж-а Чыгыш Каракол деп аталат. Батыш Каракол Ош ш-нан 150 км чыгыш тарапта, Каракулжа өрөөнүнүн батыш жагындагы Каракол суусунун оң өйүзүндө, деңиз деңг. 3100 м бийиктикте. Мында юра мезгилиндеги алевролит м-н кумдук тоотек катмарлары антиклиналь бүктөлүүсүн түзүп жатат. Суу жер бетине бүктөлүүнүн оң канатынан булак түрүндө чыгат. Чыгыш Каракол Атбашы кыш-нан 115 км түш.батыш тарапта, Арпа суусунун сол куймасы Караколдун боюнда, деңиз деңг.3250 м бийиктикте. Мында силур мезгилиндеги мраморлошкон акиташ тектери синклиналь бүктөлүүсүн түзөт. Суу бүктөлүүнүн борб. бөлүгүндөгү тектон.жарака аркылуу, шагыл таштардын арасынан жер бетине булак түрүндө агып чыгат. Булактардын дебити 0,4–5 л/сек. | ||
Хим. составы ж-а физ. касиеттери б-ча бул эки булак бири биринен көп айырмаланбайт. Суу муздак (5°–9°), тузсуз, жытсыз, даамы кычкыл (рН–6,5) келип, составы гидрокарбонат-кальций-магнийлүү. Жалпы минералданышы 0,91 – 1,16 мг/л. Суудан көмүр кычкыл газы бөлүнүп турат. Анын эрүү түрүндө суудагы өлчөмү 560–916 мг/л (Батыш Каракол), 360–963 мг/л (Чыгыш Каракол). | |||
Минералданышы, хим. ж-а газ составы б-ча Батыш Каракол Кавказдагы белгилүү «Боржомиге» (Екатаран булагы) жакын, ал эми Чыгыш Каракол нарзан сууларына кирет. | |||

[[Category:География, Тармактык Энц]] |

[[Category:География, Тармактык Энц]] | ||
24 ноябрь 2026, саат 13:34 учурдагы нуска
КАРАКОЛ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ – Ош ж-а Нарын облустарынын чек арасындагы көмүр кычкыл газдуу минералдуу муздак суу булактары. Фергана тоо тизмегинин батыш ж-а чыгыш капталдарында. Булактар жер астынан агып чыгып, газ бөлүп турганы жерг. элге илгертеден белгилүү болсо да, анда геол. жумуштар 1951-ж. жүргүзүлгөн. Булактар тоонун эки капталында болгондуктан, алар Батыш Каракол ж-а Чыгыш Каракол деп аталат. Батыш Каракол Ош ш-нан 150 км чыгыш тарапта, Каракулжа өрөөнүнүн батыш жагындагы Каракол суусунун оң өйүзүндө, деңиз деңг. 3100 м бийиктикте. Мында юра мезгилиндеги алевролит м-н кумдук тоотек катмарлары антиклиналь бүктөлүүсүн түзүп жатат. Суу жер бетине бүктөлүүнүн оң канатынан булак түрүндө чыгат. Чыгыш Каракол Атбашы кыш-нан 115 км түш.батыш тарапта, Арпа суусунун сол куймасы Караколдун боюнда, деңиз деңг.3250 м бийиктикте. Мында силур мезгилиндеги мраморлошкон акиташ тектери синклиналь бүктөлүүсүн түзөт. Суу бүктөлүүнүн борб. бөлүгүндөгү тектон.жарака аркылуу, шагыл таштардын арасынан жер бетине булак түрүндө агып чыгат. Булактардын дебити 0,4–5 л/сек. Хим. составы ж-а физ. касиеттери б-ча бул эки булак бири биринен көп айырмаланбайт. Суу муздак (5°–9°), тузсуз, жытсыз, даамы кычкыл (рН–6,5) келип, составы гидрокарбонат-кальций-магнийлүү. Жалпы минералданышы 0,91 – 1,16 мг/л. Суудан көмүр кычкыл газы бөлүнүп турат. Анын эрүү түрүндө суудагы өлчөмү 560–916 мг/л (Батыш Каракол), 360–963 мг/л (Чыгыш Каракол). Минералданышы, хим. ж-а газ составы б-ча Батыш Каракол Кавказдагы белгилүү «Боржомиге» (Екатаран булагы) жакын, ал эми Чыгыш Каракол нарзан сууларына кирет.