География:САРЫБЕТ МӨҢГҮСҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

23 ноябрь 2026, саат 19:27 учурдагы соңку нуска

САРЫБЕТ МӨҢГҮСҮ — Борб. Теңиртоодогу өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 5,0 км, аянты 6,26 км2. Адыртөр кырка тоосунун түн. капталында, Сарыжаз суусунун башында жайгашкан. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4465 м, этеги 3400 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3950 м, абляция облусунун аянты 2,53 км2. Өткөн кылымдын ортосунда алдыга жылуунун максималдуу чегине жетип, азыркы мезгилде акырындап тартылууда. Этек ж-а жээк мореналары өткөн мезгилдеги мөңгүнүн чегин даана көрсөтөт. Андан Сарыжаздын сол куймасы башталат. Мөңгүгө ТяньШань физ. география ст. бир нече жылдан бери байкоо жүргүзүүдө.