География:НАЗАРОВ МӨҢГҮСҮ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
23 ноябрь 2026, саат 19:27 учурдагы соңку нуска
НАЗАРОВ МӨҢГҮСҮ — Чоң Алай кырка тоосунун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 7,0 км, аянты 6,1 км2, көлөмү 0,25 км3. Кызылсуунун сол куймасы Кызылагындын алабында жайгашкан. Башы деңиз деңг. 6000 м, этеги 4100 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4500 м, абляция облусунун аянты 1,5 км2. Мөңгүдөн башталган суу Жанайдартакка (Кызылагындын башаты) оң тараптан куят.