География:ЖЫЛУУСУУ МӨҢГҮЛӨРҮ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
23 ноябрь 2026, саат 19:27 учурдагы соңку нуска
ЖЫЛУУСУУ МӨҢГҮЛӨРҮ — Алай кырка тоосунун түн. капталында жайгашкан татаал өрөөн тибиндеги 2 мөңгү (Батыш ж-а Чыгыш Ж. м.). Сох суусунун оң курамы–Кожашкандын башында жайгашкан. Аларды меридиан багытта созулган тоо тармагы бөлүп турат. Б а т ы ш ы н д а г ы м ө ң г ү н ү н уз. 4,6 км, аянты 7,1 км2; башы деңиз деңг. 4800 м, этеги 3890 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4400 м, абляция облусунун аянты 3,5 км2. Ч ы г ы ш ы н д а г ы м ө ң г ү н ү н уз. 5,7 км, аянты 6,4 км2; башы деңиз деңг. 4500 м, этеги 4200 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4300 м, абляция облусунун аянты 3,2 км2. Мөңгүлөрдөн Сох суусунун башаты – Жылуусуу башталат.