География:БАТЫШ КӨЛТӨР МӨҢГҮСҮ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
23 ноябрь 2026, саат 19:27 учурдагы соңку нуска
БАТЫШ КӨЛТӨР МӨҢГҮСҮ – Тескей Алатоонун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 4,6 км, аянты 6,8 км2. Ысыккөлдүн куймасы Каракол суусунун оң курамы Көлтөрдүн башында жайгашкан. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4750 м, этеги 3400 м бийикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3710 м. Абляция облусунун аянты 2,5 км2. Мөңгүнүн бетинде эки ортоңку морена жатат, аларды бойлото мөңгү үчкө бөлүнгөн. Мөңгүнүн «тили» тартылууда. 1943-ж-а 1956-ж. аэрофотосъемка маалыматтары б-ча мөңгүнүн этеги 190–210 мге, 1955–57 -ж-а 1959-ж. фототеодалиттик съемка б-ча 60 мге чегинген. Мөңгүдөн башталган суу Караколдун оң курамы Көлтөргө куят.