География:БАРАЛБАС МӨҢГҮСҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

23 ноябрь 2026, саат 19:27 учурдагы соңку нуска

БАРАЛБАС МӨҢГҮСҮ – Борб. Теңиртоодогу балык жон тибиндеги мөңгү. Акзоо кырка тоосунун түн. капталында. Уз. 3,7 км, аянты 2,5 км2. Акшыйрак суусунун жогорку агымы Баралбастын алабында жайгашкан. Мөңгү кырка тоонун ортоңку бөлүгүндөгү туурасы 1 км келген денудациялык тилкени ээлеп, суу бөлгүчтү бойлото созулат. Үбөлөнүү процессинин натыйжасында пайда болгон жазы кырда мөңгүнүн эки салаасы түндүктү баштанып жатат. Алардын этеги 4040 м ж-а 4060 м бийиктикке ылдыйлап, сыртынан өрөөн мөңгүлөрүнүн этегине окшойт. Бул эки «тил» четки мореналар м-н курчалган, аларды асканын борчугу бөлүп турат. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4620 м, этеги 4040 м бийикте жатат. Андан башталган өзөн Баралбас суусуна оң жактан куят.