География:ЗЕРГЕР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

23 ноябрь 2026, саат 19:27 учурдагы соңку нуска

ЗЕРГЕР, З а р г а р (иран тилдеринде зар – алтын; гер/гар – тоо) – Өзгөн р-нундагы суу, Жазынын оң куймасы. Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш капталынан башталган Талдысуу м-н Түрпүсуунун кошулушунан пайда болот. Уз. (Т алдысууну кошкондо) 54 км (Талдысуу м-н Түрпүсуу кошулган жерден Жазыга чейин 33 км), алабынын аянты 216 км2 . Алабынын деңиз деңг. орт. бийикт. 2020 м. Күлдөбөс тоосунан (бийикт. 2995 м) башталып, жогорку агымына бир нече булактар куят. Ничке куймасы кошулгандан кийин жазы өрөөнгө чыгат. Куймалары: Ничке (27 км), Кутурган (10 км). Жылдык орт. чыгымы 2,92 м3/сек Негизинен кар, жаан-чачын, булак сууларынан куралат. Өрөөнгө чыга бергенде сугат каналдарына бөлүнүп кетет. Алабы жайыт.