География:ЖЕЛ УРАН КЕНИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

23 ноябрь 2026, саат 19:27 учурдагы соңку нуска

ЖЕЛ УРАН КЕНИ Ысыккөл облусунун Тоң р-нунда, Тескей Алатоонун түн. жагында, Ысыккөлдүн түш. жээгинде, Кажысай шаарчасынын жанында, деңиз деңг. 1760–1860 м бийиктикте. 1946-ж. табылган. 1946–48-ж. геол. чалгындоо иши жүргүзүлгөн. Кен негизинен казылып алынып бүткөн. Кен аймагы триастын ж-а юра мезгилдеринин терригендик чөкмө катмарларынан түзүлгөн. Рудалануу көмүрлүү юранын жел свитасы м-н байланышкан. Жел свитасы боз түстөгү чопонун, көмүр кабаттарынан, алевролиттердин ж-а кумдуктардын кат-кат болгон катмарынан турат. Бул свитанын чопо ж-а көмүр кабаттарында урандын минералдары кездешет. Алар негизинен көмүр кабаттарынын жогорку бөлүгү м-н байланышкан. Көмүрдөгү урандын өлчөмү миңден бир проценттен ондон бир процентке чейин өзгөрүп кез-кезде 23% түзөт. Айрым учурда урандын өлчөмү 45%ке чейин жетет. Негизги уран минералдары: шрекингерит, урандын көөсү, уранинит, урандын гуматтары, карноитит ж-а руда минералдары: пирит, марказит, ярозит, лимонит, молибденит. Урандын рудадагы өлчөмү 0,066% ж-а болжолдуу ресурсу 649,25 m.