География:КАПКА КАПЧЫГАЙЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска

КАПКА КАПЧЫГАЙЫ — Талас өрөөнүнүн түндүгүндөгү Эчкилитоону туурасынан кесип өткөн антецеденттик капчыгай. Карабуура ж-а Манас р-нун аймагында. Түш.-чыгыштан түн.-батышты карай жарыш жаткан Чоң (уз. 2–3 км, жазылыгы 200 мге чейин) ж-а Кичи Капка (уз. 0,8– 1,0 км, жазылыгы 250 мге чейин) деген эки капчыгайдан турат. Таманынын деңиз деңг. бийикт. 900–950 м. Рельефи зоокалуу. Капчыгай протерозой заманынын сланец, кумдук, чопо тектеринен түзүлгөн. Таманы, этектери ж-а капталдарында неогендин шагыл, кум, чополорунан турат. Климаты континенттик. Январдын орт. темп-расы –8,0°С, июлдуку 21,3°С. Жылдык орт. жаан-чачыны 160–170 мм. Чоң Капка аркылуу Талас суусу агып өтөт. Чоң Капка тосулуп, Карабуура суу сактагычы курулган. Ал калктын эс алуу жайына айланган. Кичи Капкадан Бишкек – Талас авт. жолу өтөт. Капчыгайдын аймагына жарым чөл ж-а кургак талаа ландшафты мүнөздүү. Таманы шалбаалуу саздак топурактуу. Өсүмдүктөрү шыбак, аккылкан, каракыяк, чий, эрмен, эфемерлер өсөт. Талас суусунун боюнда дарак, бадалдуу токой бар.