География:ЭҢИЛЧЕК ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска

ЭҢИЛЧЕК ӨРӨӨНҮ Борб. Теңиртоодо; Кантеңир тоо тоомунун батыш тармактары Сарыжаз ж-а Эңилчек кырка тоолорунун аралыгында чыгыштан батышты карай созулган терең капчыгайды ээлейт. Аксуу р-нун аймагында. Уз. 106 кмге чейин (анын 60 кмге жакынын мөңгү ээлейт), эң жазы жери 3 км. Аянты (суу бөлгүчтөр м-н кеткен чек б-ча) 1739 км2 (а. и. 949 км2 жерин мөңгү ээлейт). Таманынын эң бийик жери 2500–3000 м. Төр жагы экиге айрылып, Түн. ж-а Түш. Эңилчек мөңгүлүү өрөөндөрүн түзөт да Меридиан кырка тоосуна чейин созулат. Эки айрылыштын аралыгында орт. бийикт. 6000 мден ашкан Теңиртоо жатат. Байыркы геол. антиклиналдын кыры б-ча кеткен тектон. жарака желип отуруп, 2000 мге чейин тереңдеп, өрөөн пайда болгон. Негизинен силур, девондун сланец, акиташ ж. б. тоо тектеринен туруп, пермдин граниттери жиреп чыккан. Байыркы муз каптоо мезгилинде өрөөн толугу м-н муздун алдында калып, анын эрозиялык аракетинен азыркы тепши сымал абалына келген. Капталдарында байыркы мореналардын калдыктары кездешет. Климаты катаал, кышы суук, кургак, кар аз түшөт. Жайы салкын, жаанчачын аз жаайт. Январдын орт. темп-расы –18...–20°С, июлдуку 10–11°С. Жылдык жаан-чачыны 250–300 мм. Чыгышы мөңгүлөр м-н капталган; эң ириси – Түш. Эңилчек мөңгүсү (аянты 613 км2, уз. 59 км). Негизги суусу — Эңилчек (орт. чыгымы 30 м3/сек). Өрөөндүн күнгөй капталдарына (2700–2800 ж-а 3000–3200 м бийиктикте) жарым чөл ж-а кургакчыл талаа, тескей жагына (2800–3100 м) шалбаалуу токой, өрөөндүн эки капталына субальп ж-а шалбаалуу талаа ж-а шалбаа, альп ландшафт алкактары мүнөздүү. Эң көп аянтты нивалдык-гляциалдык алкак ээлейт. Кышкы жайыт. Эңилчек кыш. орун алган.