География:КЫЗДАР ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска

КЫЗДАР ӨРӨӨНҮ Алайкуу өрөөнүнүн түштүгүндө. Теректоо, Кемпиртоо ж-а Көлкайыңды тоолору курчап жатат. Уз. 36 кмге жакын. Туурасы 3–4 км. Таманынын деңиз деңг. орт. бийикт. 2300—3200 м. Эң бийик жери 4000 мге чейин, жапыз жери 2350 м (Караташ). Өрөөндүн жогорку ж-а төмөнкү бөлүктөрү кууш, ортосу жайык келип, тепши сымал. Жогорку бөлүгүндө корум таштар, кум шагылдуу беттер, үңкүрлөр (Бакыбай, Чүкөтай ж. б.), сууларында бөгөттөр, шаркыратмалар кездешет (эң ириси Бакыбай шаркыратмасы). Акиташ теги, сланец, конгломерат, гранит, гнейс тектеринен турат. Климаты континенттик; жылдык жаан-чачыны 400– 600 мм. Өрөөндүн төрү мөңгүлүү. Негизги суусу— Кайыңды (куймалары: Суулутөр, Көкжар, ж. б.). Негизинен кар, мөңгү (3900 мден жогору), альп, субальп шалбаа (2900–3900 м), арча-бадалдуу токой (2500–3000 м) ландшафттары мүнөздүү. Жайыт.