География:ЖЕЛАРГЫ ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска

ЖЕЛАРГЫ ӨРӨӨНҮ — Кыргыз Алатоосунун түн.-чыгыш тумшугунан орун алып Желаргы суусунун (Чүйдүн сол куймасы) агымы м-н түш.-батыштан түн.-чыгышка 17 кмге созулат. Кемин р-нун аймагында. Туурасы 2 кмдей. Деңиз деңг. бийикт. 1350–2300 м. Өрөөндү курчаган тоолордун капталдары жантайыңкы, кырлары тайпак, чокулары өрөөндүн таманынан 1000–1100 м көтөрүңкү. Ж. ө-нүн башы кууш, аягы кенен тартып, Чүй өрөөнүнө өтөт. Негизинен төртүнчүлүк мезгилинин ж-а миоцен-плиоцендин конгломерат, кумдук, алевролит, шагыл, чопо, кум тектеринен турат. Климаты мелүүн континенттик. Июлдун орт. темп-расы 17°С, январдыкы —8°С. Жылдык жаан-чачыны 300–350 мм. Жарым чөл ж-а кургак талаа (2000 мге чейин), бетегелүү талаа ж-а айрым жерлеринде шалбаалуу талаа алкактары басымдуу. Жайыт.