География:АЛАБУГА ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы
disc_geo>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска
АЛАБУГА ӨРӨӨНҮ Ички Теңиртоодо. Алабуга суусун бойлоп, Фергана тоо тизмеги м-н Жамантоо тутумдашкан тушта Бычан ж-а Арпа сууларынын кошулган жеринен түн.-чыгышты карай созулуп жатат. Батыш тарабынан Акшыйрак, Чаарташ тоолору м-н чектешет. Уз. 60 км, эң жазы жери 2–4 км. Таманы деңиз деңг. 1600–2070 м бийиктикте жайгашкан. Жамандаван суусунун чатынан 5 км төмөнүрөөк өрөөн түн.-батышка бурулуп, Нарын өрөөнүнө чыгат. Алабуга суусу терең сайда агат, жээктери көбүнчө тик, кемерлүү. Өрөөндө узатасынан созулган тектирлер бар, алар негизинен төртүнчүлүк мезгилинин аллювий, аллювий-пролювий шилендилеринен, айрым жерлерде түпкү тектерден түзүлгөн. Өрөөндүн көп бөлүгүнө чополуу чап рельефи мүнөздүү. Чаптуу рельеф Алабуга суусунун эки өйүзүндө тең кеңири өөрчүгөн, батыш тарабында Акшыйрак, Чаарташ тоолорунун этегинде ондогон кмге созулат. Карст процесстери өөрчүгөн. Чаптар неогендин чопо, конгломерат, кумдук, гипс ж. б. тектеринен түзүлгөн. Өрөөн аркылуу Алабуга суусу агат. А. ө-нүн климаты кургакчыл, кескин континенттик. Жайы жылуу, июлдун орт. темп-расы 15–16°С, кышы узак, суук, январдыкы —15...–20°С. Жылдык жаан-чачыны 200–300 мм, бийик бөлүгүндө 400 ммге чейин. Кышкысын 4–5 ай кар жатат (калыңдыгы 15–20 см), өрөөндө жарым чөл, кургак талаа ландшафттары кеңири таралган. Түзөң жерлерде, тектирлерде, тоо этектеринде боз шыбактуу, шыбакшор өсүмдүктүү чөл ландшафты басымдуу. Ачык коңур же бозомтук күрөң топурактуу, шор топурак да кездешет. Суулардын боюнда, жайылмаларда тал, терек, бадалдар, шалбаа ж. б. өсөт. Чап аймагы өсүмдүктөргө өтө жарды, жылаңач. Мында бирин-серин терскен, баялыш, кекире, эбелек ж. б. өсүмдүктөрү кезигет. Адырларда, нымдуураак жантайыңкы тоо капталдарында шыбак-бетегелүү же коңур күрөң топурактуу, кылканактуу дүйүм чөптүү талаа ландшафты таралган. Сугат жерлерде арпа, сулу, беде, эспарцет, буудай эгилет. Суусуз бош жаткан жерлери жайыт катары пайдаланылат. А. аркылуу Баетов — Кошдөбө — Казарман авт. жолу өтөт.