География:АКШЫЙРАК ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы
disc_geo>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска
АКШЫЙРАК ӨРӨӨНҮ Борб. Теңиртоодогу Сарыжаз суусунун алабында. Түндүгүнөн Эшегарт, түштүгүнөн Бооралбас, Акзоо, Миңтеке, Кайчы ж-а Каразоо (Жаңарт) тоолору м-н чектешет. Уз. 60 км, туурасы 6 км. Өрөөндүн таманынын орт. бийикт. 2300–2900 м. Чыгышы түзөң, батышы бийик, адырлуу, түн. ж-а түш. жагы торпу-белесчелүү. Тоо капталдары кууш өрөөн, капчыгайлуу (Кызылкапчыгай, Үчкошкон ж. б.). Неотектоникалык тиби — грабен-синклинорий. Неоген м-н палеогендин кумдук, чопо, конгломерат тектеринен түзүлгөн. Акшыйрак суусунун баш жагында карбондун роговик ж-а чөкмө тектери, ортоңку бөлүгүндө ири кристаллдуу кызгылтым түстөгү гранит тектери жер бетине чыгып жатат. Өрөөн аркылуу Акшыйрак суусу агат. Климаты континенттик. Кышы суук, январдын орт. темп-расы – 15,1°С, жайы салкын, июлдуку 11,8°С. Жылдык жаан-чачыны 200–220 мм. Чөл ж-а жарым чөл (2900 м –3400 мге чейин), талаа (2600– 3800 м), субальп ж-а альп шалбаа (3000– 4000 м), андан жогору гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Өрөөндө Акшыйрак кыш., метеостанция ж. б. бар.