География:КЫЗЫЛБЕЛ-ЧАР АШУУСУ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска
КЫЗЫЛБЕЛ-ЧАР АШУУСУ Ички Теңиртоодо. Нарын кырка тоосу м-н Аламышык тоосунун тутумдашкан жеринде. Нарын өрөөнү м-н Атбашы өрөөнүн байланыштырат. Абс. бийикт. 2295 мден (Кызылбел) 2600 мге (Чар) чейин. Палеогендин кызыл түстүү тоо тектеринен турат. Ашуу Нарын кырка тоосу м-н Аламышык тоосунун ортосунда неотектоникалык кыймылда жогору көтөрүлгөн байыркы өрөөндөн орун алган. Азыр бул быткыл дөңсөөлүү аймак. Түн. капталы тик ж-а кыска, түш. капталы айдөш ж-а узун. Жайыт ж-а кыштоо катары пайдаланылат. Ашуу аркылуу Бишкек — Торугарт авт. жолу өтөт.