География:ЖУУКУ АШУУСУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска

ЖУУКУ АШУУСУ Тескей Алатоодо. Жууку суусунун башында. Ысыккөл өрөөнүн Ички Теңиртоо (Арабел өрөөнү) м-н байланыштырат. Деңиз деңг. бийикт. 3633м. Барскон ашуусунан 120 м көтөрүңкү жатат. Аймагындагы чокулардан 700—900 м төмөн турат. Түн. ж-а түштүккө карай куржун тибинде артылган байыркы мөңгүлөрдүн аракетинен пайда болгон. Мойногу жапыз, түзөң, морена тектери ж-а шагыл м-н төшөлгөн. Капталдары урчук таштуу, түн. бети өтүүгө татаал, түш. (Арабел) тарабы дээрлик түз. Палезойдун гранит тектеринен турат. Мөңгү тартылганда ашуунун түндүк тарабындагы тепши сымал өрөөндүн таманында 3395 м бийиктикте Жашылкөл (уз. 800 м, туурасы 300 м), түштүгүндө Чоконун көлү (уз. 3 км, туурасы 200—500 м) пайда болгон. Июнь — октябрда ачык. Ашуу аркылуу мал ашырылат.