География:АКБЕЙИТ АШУУСУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска

АКБЕЙИТ АШУУСУ Атбашы кырка тоосунун батыш учу м-н Арпанын Алатоосунун аралыгындагы белбаскакта (Карасуу, Орток тоолорунун аралыгында) жайгашкан. Деңиз деңг. бийикт. 3286 м. Ашуудан Орток ж-а Карасуу тоолорунун кырлары 200—240 м, Атбашы тоосунуку 300— 1100 мге көтөрүңкү жатат. Ашууга көтөрүлгөн жол асимметриялуу. Атбашы өрөөнүн Арпа, Аксай өрөөндөрү м-н байланыштырат. Ал аркылуу Бишкек—Торугарт авт. жолу өтөт. Аты ага жакын жердеги күмбөзгө байланыштуу пайда болгон.