География:КӨККЫЯ КЫРКА ТООСУ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска
КӨККЫЯ КЫРКА ТООСУ Аксай өрөөнүнүн түштүгүндө. Какшаал тоо тизмегине кирет. Уз. 20–25 км. Басымдуу бийикт. 4200– 4400 м, эң бийик жери 4843 м. Кырына байыркы тайпак жерлер мүнөздүү. Түш. бети өтө тик (65–70°), батыш бөлүгү бийик (4200–4500 м), зор капчыгайлар кесип өтөт (Көккыя каньону). Түзүлүшү б-ча горстантиклиналь. Байыркы муз каптоонун издери байкалат. Палеозойдун гранит, сланец, кумдук, акиташ тектеринен турат. Түш.чыгышында мөңгүлөр бар. Бийик тоолуу субальп талаасы (3500–3800 м), альп талаасы ж-а шалбаалуу талаа ландшафттары мүнөздүү (3800–4300 м); тоо бетинде негизинен шыбак, доңуз сырты, бетеге өсөт. Кышкы жайыт.