География:БАЙДУЛУ ТООСУ: нускалардын айырмасы
disc_geo>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска
БАЙДУЛУ ТООСУ Ички Теңиртоодо. Капкаташ тоосуна уланып, Кумбел ашуусунан батышты карай Карүңкүр (Оттук суусу) капчыгайына чейин созулуп жатат. Каракужур, Солтонсары өрөөндөрүн Оттук, Онарча өрөөндөрүнөн бөлүп турат. Уз. 56 км, туурасы 11 км, Оттук кыш. тушта 30 кмге чейин. Орт. бийикт. 3790 м. эң бийик жери 4167 м (Онарча чокусу). Ортоңку бөлүгүн Солтонсары өрөөнү кесип өтөт. Батыш жагы жапыз, аскалуу. Түн. капталы кыска, тик, түштүк (Оттук өрөөнүнө караган бети) узун, жантайыңкы. Этеги адырлуу. Өрөөн, кокту-колоттуу. Бийигирээк чыгыш бөлүгүндө тоонун тескей тарабы тескерисинче жантайыңкы күнгөйү тик. Жондорунда ж-а капталдарында тегиз, тайпак жерлер бар. Байыркы муз каптоолордун издери байкалат. Негизинен девон м-н карбондун чаар ж-а кызгылт кумдук, конгломерат, сланец, мергель, алевролит, акиташ тектеринен түзүлгөн. Аларды жогорку карбондун гранит-диорит, гранит-сиенит интрузиялары жиреп чыккан. Тоонун тектон. ички структурасы – анын кыры м-н жарыш багытта жайланышкан Байдулу синклиналы. Ал түндүгүнөн Акташ, түштүгүнөн Түш.
Соңкөл – Көкташ тектон. терең жаракалары м-н чектелген. Кен байлыктары: шеелит (Кумбел, Карүңкүр), кобальт (Музтөр), вольфрам. Түн. капталдарына түркүн чөпдоңуз сырттуу субальп (2800–3100 м бийиктикте), альп шалбаасы (3200 мден жогору), күнгөй беттерине бетегелүү талаа, түркүн чөп-бетегелүү шалбаалуу талаа (2500– 3200 м), бетеге-доңуз сырттуу субальп (3200– 3500 м), альп шалбаалуу талаа (3500 мден жогору), 3800 мден өйдө бийик кырларга нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Тоонун күнгөй тарабындагы терең кууш өрөөндөрдү ж-а Онарчага караган беттеринде суйдаң карагай токойлору, бадалдуу черлер бар. Жайлоо; күнгөй бетиндеги ыктоо жерлери кыштоо катары пайдаланылат.