ГАЗ айылы: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
м (Temirkan moved page ГАЗ 1 to ГАЗ айылы)
(Айырма жок)

8 август 2024, саат 05:21 учурдагы нуска

ГАЗ (тажик ж-а янгоб тилдеринде газ – камыш, камыштуу жер) – Баткен облусунун Баткен районундагы кыштак. Кыштут айыл округуна караштуу. Райондун борбору Баткен шаарынан 47 км түн.-чыгыш тарапта. Исфара (Тажикстан) темир жол бекетинен 69 км. Деӊиз деӊгээлинен 2150 м бийиктикте жайгашкан. Кыштак 1916-жылы отурукташкан. Калкы 2204 (2022); негизинен мал чарбасында, дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, ФАП бар.