География:КЫРЧЫН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
disc_geo>KadyrM
No edit summary
1-сап: 1-сап:
– Күнгөй Алатоонун түш. капталындагы тектон. чуңкурчак; Ысыккөл р-нундагы Кичи Аксуунун ортоңку агымындагы кооз жер. Ысыккөлдөн 13–15 км аралыкта, деңиз деңг. 2000–2300 м бийиктикте (көлдөн 400–800 м бийик) жайгашкан. Уз. 7–9 км, туурасы 2–2,5 км.
КЫРЧЫН – Күнгөй Алатоонун түш. капталындагы тектон. чуңкурчак; Ысыккөл р-нундагы Кичи Аксуунун ортоңку агымындагы кооз жер. Ысыккөлдөн 13–15 км аралыкта, деңиз деңг. 2000–2300 м бийиктикте (көлдөн 400–800 м бийик) жайгашкан. Уз. 7–9 км, туурасы 2–2,5 км.
Түндүгү ж-а түштүгү тик капталдуу, батышы Көкбел ж-а Белбулак мойноктору, чыгышы Үчкүнгөй, Көкдөбө м-н чектешет. Тектон. көтөрүлүүнүн натыйжасында Аксуу өрөөнүнөн бөлүнүп калган чуңкурчак. Ооз жагы кууш, ичи кеңейип, тектирлүү. Эң үстүңкү тектирче суу нугунан 600–700 м бийиктикте жатат. Неоген, антропоген мезгилдеринде пайда болгон чөкмөлөрдөн турат. Климаты континенттик, январдын орт. темп-расы –4°...–6°С, июлдуку 15–20°С. Жылдык жаан-чачыны 350–500 мм. Чыгыш капталын Аксуу сайынан баштап четин, шилби, ыргай аралаш чытырман карагай токою ээлейт, калың шалбаа өсөт. Желекарагай суусунан чыгыш тарапта арча басымдуу келип, шибер бетегелүү. К.–тунук суулуу, түркүн өсүмдүктөргө бай, өз-гөчө кооз жер. Мында Ысыккөл р-нун малчылар майрамы өткөрүлүп турат. Туристтик база бар. К.аркылуу Сүттүүбулак (3200 м), Желекарагай (4200 м), Куугандытөр (3890 м) ж-а Аксуу (4150 м) ашууларына баруучу туристтик жолдор өтөт.

[[Category:География, Тармактык Энц]]

[[Category:География, Тармактык Энц]]

24 ноябрь 2026, саат 13:34 учурдагы нуска

КЫРЧЫН – Күнгөй Алатоонун түш. капталындагы тектон. чуңкурчак; Ысыккөл р-нундагы Кичи Аксуунун ортоңку агымындагы кооз жер. Ысыккөлдөн 13–15 км аралыкта, деңиз деңг. 2000–2300 м бийиктикте (көлдөн 400–800 м бийик) жайгашкан. Уз. 7–9 км, туурасы 2–2,5 км. Түндүгү ж-а түштүгү тик капталдуу, батышы Көкбел ж-а Белбулак мойноктору, чыгышы Үчкүнгөй, Көкдөбө м-н чектешет. Тектон. көтөрүлүүнүн натыйжасында Аксуу өрөөнүнөн бөлүнүп калган чуңкурчак. Ооз жагы кууш, ичи кеңейип, тектирлүү. Эң үстүңкү тектирче суу нугунан 600–700 м бийиктикте жатат. Неоген, антропоген мезгилдеринде пайда болгон чөкмөлөрдөн турат. Климаты континенттик, январдын орт. темп-расы –4°...–6°С, июлдуку 15–20°С. Жылдык жаан-чачыны 350–500 мм. Чыгыш капталын Аксуу сайынан баштап четин, шилби, ыргай аралаш чытырман карагай токою ээлейт, калың шалбаа өсөт. Желекарагай суусунан чыгыш тарапта арча басымдуу келип, шибер бетегелүү. К.–тунук суулуу, түркүн өсүмдүктөргө бай, өз-гөчө кооз жер. Мында Ысыккөл р-нун малчылар майрамы өткөрүлүп турат. Туристтик база бар. К.аркылуу Сүттүүбулак (3200 м), Желекарагай (4200 м), Куугандытөр (3890 м) ж-а Аксуу (4150 м) ашууларына баруучу туристтик жолдор өтөт.