География:ЖАҢЫЖЕР–УЛАН: нускалардын айырмасы
disc_geo>KadyrM No edit summary |
disc_geo>KadyrM No edit summary |
||
| 1-сап: | 1-сап: | ||
<strong> ЖАҢЫЖЕР–УЛАН</strong> – Атбашы өрөөнүнүн чыгышындагы табигый кооз жер. Жаңыжер ж-а Улан сууларынын алабын ээлейт. | |||
Түндүгүнөн Нарын, түштүгүнөн Жаңыжер тоолору м-н чектешет. Эки суунун кошулган жери деңиз деңг. 2837 м бийикте жайгашкан. Атбашы суусунун сол жээгиндеги шиберлүү жайык тектир Көкжайык деп аталат. Анын суу нугунан салыштырмалуу бийикт. 30–40 м. Уз. Көгөндүкыяга чейин 12 км, туурасы 1 км. Эки суу айрыгы Экибаланын көлү аталып, ага дөбөлүү, чуңкурлуу рельеф мүнөздүү. Негизинен палеозойдун тоо тектеринен ж-а неогендин кызгылт түстүү чополорунан түзүлгөн суунун оң өйүзү Ойнокжар аталып, шиберлүү, карагай арчалуу токою өзгөчө кооз ландшафтты түзөт. Карагай, арча токою суу бойлой да өсөт. Жаңыжер тоосунун батыш капталынын рельефи татаал эмес; суу бөлгүчүндөгү байыркы түздүктөрдүн калдыктары тектирден 1000 м өйдө жатат. Бул аймактын маңдайында Нарын тоосунан түшкөн Уландын тепши сымал кенен өрөөнү өзгөчө кооз. Андан жогору (22 км), 3400 м бийиктикке байыркы мөңгүнүн рельефи мүнөздүү. Уландын сол куймасы – Байбиче өрөөнүнүн башындагы Байбиче ашуусу аркылуу Нарын өрөөнүнө өтүүгө болот. Эки суу айрыгынан төмөн (3 км), Көлтөр өрөөнүндө (деңиз деңг. 3077 м бийиктикте) кооз бөгөт көлү жайгашкан, анын уз. 1,5 км, туурасы 300 м келет. Жаңыжер өрөөнү м-н жогору өрдөгөндө (21 км), ага Дүңгүрөмө суусу кошулат. Бул өрөөнгө көчкүдөн пайда болгон дөбө-чуңкурлуу рельеф мүнөздүү. | Түндүгүнөн Нарын, түштүгүнөн Жаңыжер тоолору м-н чектешет. Эки суунун кошулган жери деңиз деңг. 2837 м бийикте жайгашкан. Атбашы суусунун сол жээгиндеги шиберлүү жайык тектир Көкжайык деп аталат. Анын суу нугунан салыштырмалуу бийикт. 30–40 м. Уз. Көгөндүкыяга чейин 12 км, туурасы 1 км. Эки суу айрыгы Экибаланын көлү аталып, ага дөбөлүү, чуңкурлуу рельеф мүнөздүү. Негизинен палеозойдун тоо тектеринен ж-а неогендин кызгылт түстүү чополорунан түзүлгөн суунун оң өйүзү Ойнокжар аталып, шиберлүү, карагай арчалуу токою өзгөчө кооз ландшафтты түзөт. Карагай, арча токою суу бойлой да өсөт. Жаңыжер тоосунун батыш капталынын рельефи татаал эмес; суу бөлгүчүндөгү байыркы түздүктөрдүн калдыктары тектирден 1000 м өйдө жатат. Бул аймактын маңдайында Нарын тоосунан түшкөн Уландын тепши сымал кенен өрөөнү өзгөчө кооз. Андан жогору (22 км), 3400 м бийиктикке байыркы мөңгүнүн рельефи мүнөздүү. Уландын сол куймасы – Байбиче өрөөнүнүн башындагы Байбиче ашуусу аркылуу Нарын өрөөнүнө өтүүгө болот. Эки суу айрыгынан төмөн (3 км), Көлтөр өрөөнүндө (деңиз деңг. 3077 м бийиктикте) кооз бөгөт көлү жайгашкан, анын уз. 1,5 км, туурасы 300 м келет. Жаңыжер өрөөнү м-н жогору өрдөгөндө (21 км), ага Дүңгүрөмө суусу кошулат. Бул өрөөнгө көчкүдөн пайда болгон дөбө-чуңкурлуу рельеф мүнөздүү. | ||
Чуңкурлары саздактуу келет. Жаңыжер тоосунда бир нече ашуу бар: Уларташ (3875 м бийиктикте), Акбайтал (3752 м), Кеңсуу (4025 м), Ортокашкасуу (4042 м), Кашкасуу (3970 м), Арчалы (3932 м). | Чуңкурлары саздактуу келет. Жаңыжер тоосунда бир нече ашуу бар: Уларташ (3875 м бийиктикте), Акбайтал (3752 м), Кеңсуу (4025 м), Ортокашкасуу (4042 м), Кашкасуу (3970 м), Арчалы (3932 м). | ||
24 ноябрь 2026, саат 13:34 учурдагы нуска
ЖАҢЫЖЕР–УЛАН – Атбашы өрөөнүнүн чыгышындагы табигый кооз жер. Жаңыжер ж-а Улан сууларынын алабын ээлейт. Түндүгүнөн Нарын, түштүгүнөн Жаңыжер тоолору м-н чектешет. Эки суунун кошулган жери деңиз деңг. 2837 м бийикте жайгашкан. Атбашы суусунун сол жээгиндеги шиберлүү жайык тектир Көкжайык деп аталат. Анын суу нугунан салыштырмалуу бийикт. 30–40 м. Уз. Көгөндүкыяга чейин 12 км, туурасы 1 км. Эки суу айрыгы Экибаланын көлү аталып, ага дөбөлүү, чуңкурлуу рельеф мүнөздүү. Негизинен палеозойдун тоо тектеринен ж-а неогендин кызгылт түстүү чополорунан түзүлгөн суунун оң өйүзү Ойнокжар аталып, шиберлүү, карагай арчалуу токою өзгөчө кооз ландшафтты түзөт. Карагай, арча токою суу бойлой да өсөт. Жаңыжер тоосунун батыш капталынын рельефи татаал эмес; суу бөлгүчүндөгү байыркы түздүктөрдүн калдыктары тектирден 1000 м өйдө жатат. Бул аймактын маңдайында Нарын тоосунан түшкөн Уландын тепши сымал кенен өрөөнү өзгөчө кооз. Андан жогору (22 км), 3400 м бийиктикке байыркы мөңгүнүн рельефи мүнөздүү. Уландын сол куймасы – Байбиче өрөөнүнүн башындагы Байбиче ашуусу аркылуу Нарын өрөөнүнө өтүүгө болот. Эки суу айрыгынан төмөн (3 км), Көлтөр өрөөнүндө (деңиз деңг. 3077 м бийиктикте) кооз бөгөт көлү жайгашкан, анын уз. 1,5 км, туурасы 300 м келет. Жаңыжер өрөөнү м-н жогору өрдөгөндө (21 км), ага Дүңгүрөмө суусу кошулат. Бул өрөөнгө көчкүдөн пайда болгон дөбө-чуңкурлуу рельеф мүнөздүү. Чуңкурлары саздактуу келет. Жаңыжер тоосунда бир нече ашуу бар: Уларташ (3875 м бийиктикте), Акбайтал (3752 м), Кеңсуу (4025 м), Ортокашкасуу (4042 м), Кашкасуу (3970 м), Арчалы (3932 м). Аталган ашуулар Ж.-У-ды Аксай өрөөнү м-н байланыштырат. Климаты кескин континенттик, жайы салкын (июлдун орт.темп-расы 10–15°С), кышы суук (январдыкы–15...–20°Сдей). Т оолуу шалбаа, талаалуу субальп ж-а альп топурагы басымдуу. Жаңыжер өрөөнүнүн тескей бетинде суу боюна чейин карагай, арча, төө куйрук, шилби, четин, тал өсөт. Бийик беттерге субальп, альп шалбаа өсүмдүктөрү, Улан өрөөнүнө сейрек жапалак арча, түркүн чөптүү жапыз өскөн шалбаа мүнөздүү. Өрөөндү Нарын, Атбашы р-нун малы жайлайт. Автомобиль жолу барат.