География:ЧЫГЫШ СӨӨК КАПЧЫГАЙЫ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM No edit summary |
disc_geo>KadyrM No edit summary |

| 1-сап: | 1-сап: | ||
ЧЫГЫШ СӨӨК КАПЧЫГАЙЫ Ички Теңиртоодогу Карамойнок ж-а Жумгал тоолорунун аралыгында. Сөөк суусунун аккан багыты б-ча батыштан чыгышка 50 кмге созулуп жатат. Кочкор ж-а Жумгал р-нун аймагында. Таманынын жазы жери 2–3 км, кууш жери 500–1000 м. Деңиз деңг. 2300–2900 м бийиктикте. Шиленди ж-а аккумуляция тектерин суу жеп кетишинен пайда болгон. Негизинен V формасындагы капчыгай. Гранит-диорит, сиенит ж. б. интрузия тектеринен турат. Капчыгайдын таманына талаа ж-а шалбаалуу талаа, тоо беттеринде бадал аралашкан талаа, айрым жерлеринде шалбаа (3000 мге чейинки бийиктикте), андан жогорку субальп ж-а альп шалбаалуу талаа ландшафт алкактары мүнөздүү. Капчыгайдын төрүнө чейин авт. жолу жетет. Жайкы жайыт. | |||

[[Category:География, Тармактык Энц]] |

[[Category:География, Тармактык Энц]] | ||
24 ноябрь 2026, саат 13:34 учурдагы нуска
ЧЫГЫШ СӨӨК КАПЧЫГАЙЫ Ички Теңиртоодогу Карамойнок ж-а Жумгал тоолорунун аралыгында. Сөөк суусунун аккан багыты б-ча батыштан чыгышка 50 кмге созулуп жатат. Кочкор ж-а Жумгал р-нун аймагында. Таманынын жазы жери 2–3 км, кууш жери 500–1000 м. Деңиз деңг. 2300–2900 м бийиктикте. Шиленди ж-а аккумуляция тектерин суу жеп кетишинен пайда болгон. Негизинен V формасындагы капчыгай. Гранит-диорит, сиенит ж. б. интрузия тектеринен турат. Капчыгайдын таманына талаа ж-а шалбаалуу талаа, тоо беттеринде бадал аралашкан талаа, айрым жерлеринде шалбаа (3000 мге чейинки бийиктикте), андан жогорку субальп ж-а альп шалбаалуу талаа ландшафт алкактары мүнөздүү. Капчыгайдын төрүнө чейин авт. жолу жетет. Жайкы жайыт.