География:ЧОҢ КЫЗЫЛСУУ ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы
disc_geo>KadyrM No edit summary |
disc_geo>KadyrM No edit summary |

| 1-сап: | 1-сап: | ||
—Тескей Алатоонун түн. капталындагы өрөөн, капчыгай. Тескей Алатоонун негизги суу бөлгүчүнөн (4800 м бийиктиктен) башталып, Ысыккөлдүн жээгиндеги жантайыңкы түздүккө (1700 мге) чейин созулуп жатат. Аянты 307 км2. Төр жагы айрыктарга бөлүнүп, мөңгүлөр м-н бүтөт. Өрөөндүн таманы капчыгайга кире бериштен тартып, улам жогорулаган сайын (2600 м бийиктикке чейин) кууштайт. Андан жогору кеңейип, тепши сымал өрөөнгө өтөт. Капталынан куйган куймаларынын өрөөндөрү да тепши сымал. Алардын чаты негизги өрөөндүн таманынан салыштырмалуу 150–200 м бийиктикте. Бийик бөлүгү кембрийге чейинки мезгилде пайда болгон тоо тектерден түзүлгөн. Климаты мелүүн континенттик. Январдын орт. темп-расы —10,5°С, июлдуку 9,6°С. Жылдык жаанчачыны 625 мм. Жалпы аянты 44,3 км2ге жеткен 46 мөңгү бар. Өрөөн аркылуу Чоң Кызылсуу агат (анын тоодон чыга бергендеги чыгымы 4,7 м3/сек). Кургакчыл талаа, шалбаалуу талаа, шалбаалуу бадалдуу токой, субальп ж-а альп, шалбаасы андан жогору нивалдык-гляциалдык ландшафттар мүнөздүү. Өрөөндө Кыргыз Респнын ИАнын Тяньшань физ. география станциясынын стационары бар. Карабаткак мөңгүсүндө эл аралык программа б-ча жыл бою байкоо жүргүзүлөт. Капчыгайдын оозуна жакын минералдуу жылуу булак чыгат. Жайыт. Чоңкызылсуу кыш. орун алган. | ЧОҢ КЫЗЫЛСУУ ӨРӨӨНҮ—Тескей Алатоонун түн. капталындагы өрөөн, капчыгай. Тескей Алатоонун негизги суу бөлгүчүнөн (4800 м бийиктиктен) башталып, Ысыккөлдүн жээгиндеги жантайыңкы түздүккө (1700 мге) чейин созулуп жатат. Аянты 307 км2. Төр жагы айрыктарга бөлүнүп, мөңгүлөр м-н бүтөт. Өрөөндүн таманы капчыгайга кире бериштен тартып, улам жогорулаган сайын (2600 м бийиктикке чейин) кууштайт. Андан жогору кеңейип, тепши сымал өрөөнгө өтөт. Капталынан куйган куймаларынын өрөөндөрү да тепши сымал. Алардын чаты негизги өрөөндүн таманынан салыштырмалуу 150–200 м бийиктикте. Бийик бөлүгү кембрийге чейинки мезгилде пайда болгон тоо тектерден түзүлгөн. Климаты мелүүн континенттик. Январдын орт. темп-расы —10,5°С, июлдуку 9,6°С. Жылдык жаанчачыны 625 мм. Жалпы аянты 44,3 км2ге жеткен 46 мөңгү бар. Өрөөн аркылуу Чоң Кызылсуу агат (анын тоодон чыга бергендеги чыгымы 4,7 м3/сек). Кургакчыл талаа, шалбаалуу талаа, шалбаалуу бадалдуу токой, субальп ж-а альп, шалбаасы андан жогору нивалдык-гляциалдык ландшафттар мүнөздүү. Өрөөндө Кыргыз Респнын ИАнын Тяньшань физ. география станциясынын стационары бар. Карабаткак мөңгүсүндө эл аралык программа б-ча жыл бою байкоо жүргүзүлөт. Капчыгайдын оозуна жакын минералдуу жылуу булак чыгат. Жайыт. Чоңкызылсуу кыш. орун алган. | ||

[[Category:География, Тармактык Энц]] |

[[Category:География, Тармактык Энц]] | ||
24 ноябрь 2026, саат 13:34 учурдагы нуска
ЧОҢ КЫЗЫЛСУУ ӨРӨӨНҮ—Тескей Алатоонун түн. капталындагы өрөөн, капчыгай. Тескей Алатоонун негизги суу бөлгүчүнөн (4800 м бийиктиктен) башталып, Ысыккөлдүн жээгиндеги жантайыңкы түздүккө (1700 мге) чейин созулуп жатат. Аянты 307 км2. Төр жагы айрыктарга бөлүнүп, мөңгүлөр м-н бүтөт. Өрөөндүн таманы капчыгайга кире бериштен тартып, улам жогорулаган сайын (2600 м бийиктикке чейин) кууштайт. Андан жогору кеңейип, тепши сымал өрөөнгө өтөт. Капталынан куйган куймаларынын өрөөндөрү да тепши сымал. Алардын чаты негизги өрөөндүн таманынан салыштырмалуу 150–200 м бийиктикте. Бийик бөлүгү кембрийге чейинки мезгилде пайда болгон тоо тектерден түзүлгөн. Климаты мелүүн континенттик. Январдын орт. темп-расы —10,5°С, июлдуку 9,6°С. Жылдык жаанчачыны 625 мм. Жалпы аянты 44,3 км2ге жеткен 46 мөңгү бар. Өрөөн аркылуу Чоң Кызылсуу агат (анын тоодон чыга бергендеги чыгымы 4,7 м3/сек). Кургакчыл талаа, шалбаалуу талаа, шалбаалуу бадалдуу токой, субальп ж-а альп, шалбаасы андан жогору нивалдык-гляциалдык ландшафттар мүнөздүү. Өрөөндө Кыргыз Респнын ИАнын Тяньшань физ. география станциясынын стационары бар. Карабаткак мөңгүсүндө эл аралык программа б-ча жыл бою байкоо жүргүзүлөт. Капчыгайдын оозуна жакын минералдуу жылуу булак чыгат. Жайыт. Чоңкызылсуу кыш. орун алган.