География:ЧОҢ АКСУУ ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
disc_geo>KadyrM
No edit summary
1-сап: 1-сап:
Күнгөй Алатоонун борб. бөлүгүнүн Ысыккөлдү караган бетинде. Кемин-Челек тоо тоомунан чыгышты карай Кырчын ойдуңуна чейин 35 кмге созулат. Таманы деңиз деңг. 1800– 3300 м бийик жайгашып, туурасы 4 км чамасында. Геол. структурасы — неоген төртүнчүлүк мезгилдин төмөн ийилген грабенойдуң. Рельефтин түзүлүшү татаал.
ЧОҢ АКСУУ ӨРӨӨНҮ Күнгөй Алатоонун борб. бөлүгүнүн Ысыккөлдү караган бетинде. Кемин-Челек тоо тоомунан чыгышты карай Кырчын ойдуңуна чейин 35 кмге созулат. Таманы деңиз деңг. 1800– 3300 м бийик жайгашып, туурасы 4 км чамасында. Геол. структурасы — неоген төртүнчүлүк мезгилдин төмөн ийилген грабенойдуң. Рельефтин түзүлүшү татаал.
Өрөөндүн жогорку бөлүгү (Ишенбулак куймасына чейин) — мөңгүнүн аракетинен пайда болгон, уз. 15 кмге жеткен тепши сымал өрөөнчө. Анын таманы кенен ж-а түз, суунун агымы б-ча бир аз эңкейиш. Аюутөр куймасы куйгандан кийин өрөөндүн оң жак жээги суунун нугунан 200–250 м көтөрүңкү келип, 12 км аралыкта кенен (2–3 км), жантайыңкы аймакты түзөт. Мында байыркы мөңгүнүн аракетинен пайда болгон көл, дөбөлүү рельефтин татаал формалары кеңири тараган.

Өрөөндүн Ишенбулактын чатынан төмөнкү бөлүгү суунун тилмеленишинен пайда болгон. Мында төртүнчүлүк мезгилдин тектирчелери кездешет. Алардын структуралык түзүлүшү 1911-ж. Кемин жер титирөөсүнүн натыйжасында дөбөлүү чуңкурларга айланган. Оёңдордо карагай токою м-н курчалган кооз көлдөр бар. Жайында анда туристтер эс алышат. Көлдөн төмөн Чоң Аксуу (5 км аралыкта) кууш капчыгай аркылуу агып, Ысыккөл өрөөнүнө чыгат. Өрөөндөгү мөңгүлөрдүн жалпы аянты 48,9 км2. Голоценде мөңгүнүн аянты 1,4 эсеге чоң болгон; төртүнчүлүк мезгилдин башталышында 86 км2 болсо, ортосунда азыркы мөңгүнүн аянты 3 эсеге чоң болуп, уз. 15 кмге жеткен. Өрөөндүн климаты континенттик, жайы салкын, кышы карлуу ж-а суук. Деңиз деңг. 1800– 2600 м бийиктикте кара топурак басымдуу болгон шыбактуу кылканактуу талаа, 2500–3100 мде күңүрт түстөгү тоо токой топурактуу карагай, арча, бетеге, каракыяк, шалбаа өсүмдүктөрү, 3100–3600 мде бетеге, шибер, доңуз сырттуу субальп шалбаасы, 3500–3700 мде альп шалбаасы, 3700 мден эңилчек, сейрек майда гүлдөр ж. б. өсөт, алар нивалдык-гляциалдык ландшафт м-н алмашат. Өрөөн жайкы ж-а кышкы жайытка эс алууга (рекреацияга) пайдаланылат. Ш. Качаганов

[[Category:География, Тармактык Энц]]

[[Category:География, Тармактык Энц]]

24 ноябрь 2026, саат 13:34 учурдагы нуска

ЧОҢ АКСУУ ӨРӨӨНҮ Күнгөй Алатоонун борб. бөлүгүнүн Ысыккөлдү караган бетинде. Кемин-Челек тоо тоомунан чыгышты карай Кырчын ойдуңуна чейин 35 кмге созулат. Таманы деңиз деңг. 1800– 3300 м бийик жайгашып, туурасы 4 км чамасында. Геол. структурасы — неоген төртүнчүлүк мезгилдин төмөн ийилген грабенойдуң. Рельефтин түзүлүшү татаал. Өрөөндүн жогорку бөлүгү (Ишенбулак куймасына чейин) — мөңгүнүн аракетинен пайда болгон, уз. 15 кмге жеткен тепши сымал өрөөнчө. Анын таманы кенен ж-а түз, суунун агымы б-ча бир аз эңкейиш. Аюутөр куймасы куйгандан кийин өрөөндүн оң жак жээги суунун нугунан 200–250 м көтөрүңкү келип, 12 км аралыкта кенен (2–3 км), жантайыңкы аймакты түзөт. Мында байыркы мөңгүнүн аракетинен пайда болгон көл, дөбөлүү рельефтин татаал формалары кеңири тараган. Өрөөндүн Ишенбулактын чатынан төмөнкү бөлүгү суунун тилмеленишинен пайда болгон. Мында төртүнчүлүк мезгилдин тектирчелери кездешет. Алардын структуралык түзүлүшү 1911-ж. Кемин жер титирөөсүнүн натыйжасында дөбөлүү чуңкурларга айланган. Оёңдордо карагай токою м-н курчалган кооз көлдөр бар. Жайында анда туристтер эс алышат. Көлдөн төмөн Чоң Аксуу (5 км аралыкта) кууш капчыгай аркылуу агып, Ысыккөл өрөөнүнө чыгат. Өрөөндөгү мөңгүлөрдүн жалпы аянты 48,9 км2. Голоценде мөңгүнүн аянты 1,4 эсеге чоң болгон; төртүнчүлүк мезгилдин башталышында 86 км2 болсо, ортосунда азыркы мөңгүнүн аянты 3 эсеге чоң болуп, уз. 15 кмге жеткен. Өрөөндүн климаты континенттик, жайы салкын, кышы карлуу ж-а суук. Деңиз деңг. 1800– 2600 м бийиктикте кара топурак басымдуу болгон шыбактуу кылканактуу талаа, 2500–3100 мде күңүрт түстөгү тоо токой топурактуу карагай, арча, бетеге, каракыяк, шалбаа өсүмдүктөрү, 3100–3600 мде бетеге, шибер, доңуз сырттуу субальп шалбаасы, 3500–3700 мде альп шалбаасы, 3700 мден эңилчек, сейрек майда гүлдөр ж. б. өсөт, алар нивалдык-гляциалдык ландшафт м-н алмашат. Өрөөн жайкы ж-а кышкы жайытка эс алууга (рекреацияга) пайдаланылат. Ш. Качаганов