География:ОРТОҢКУ НАРЫН ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
disc_geo>KadyrM
No edit summary
1-сап: 1-сап:
Ички Теңиртоодо. Экинарындан тартып Акшыйрак (Чаарташ) кырка тоосуна чейин созулуп жатат. Уз. 150 кмден ашык. Түндүктөн Нура, Корго, Ачаташ, Баук, Молдотоо, түштүктөн Нарынтоо, Аламышык, Каратоо, Байбичетоо, Жамантоо курчап турат.
<strong>ОРТОҢКУ НАРЫН ӨРӨӨНҮ</strong> Ички Теңиртоодо. Экинарындан тартып Акшыйрак (Чаарташ) кырка тоосуна чейин созулуп жатат. Уз. 150 кмден ашык. Түндүктөн Нура, Корго, Ачаташ, Баук, Молдотоо, түштүктөн Нарынтоо, Аламышык, Каратоо, Байбичетоо, Жамантоо курчап турат.
Өрөөндүн таманы Алабуга суусу Нарынга куйган жерде 1500 м, Кичи Нарын м-н Чоң Нарындын чаттарында 2250–2300 м бийикте жайгашкан. Экинарындан Аккыяга чейин өрөөн кууш (2–5 км), таманы бийик (2000 мден жогору) келип, батышка барган сайын кеңее баштайт (Куланак кыш. тушта 10 км, Кызылемчек тушта 13 км).

Өрөөндүн жазы жерлеринде, айрыкча Атбашы суусу кошулгандан кийин Нарын д. жайылып (жайылманын туурасы 1–1,5 кмге жетет) агып, бир нече айрыктарга бөлүнүп, сай таштардан турган аралчаларды пайда кылат. Чоң сууну бойлоп бир нече бийик тектирлер да созулуп жатат. Кеңиреек ж-а даана байкалган 4- ж-а 5-тектирлердин үстү тегиз келип, калыңдыгы бир нече метр болгон сары чопо түрүндөгү кумайлуу чопо м-н капталган. О. Н. ө-нүн борб. бөлүгүндө 4–5-тектирлердин бетинде суффозиялык, карст чуңкурлары (диаметри 10–15 м, тереңдиги 5–8 м), туюк жарлар бар. Аккыядан төмөн Нарындын сол өйүзүндөгү бийик тектирлер тоо этегиндеги түздүк м-н кошулат (Караталаа м-н Акталаа). Нарындын оң өйүзүндө бардык аралыкта, сол өйүзүндө Куланак кыш-нан батышты карай чаптуу адыр рельефи ээлейт. Чап палеоген, неоген мезгилдеринин тектеринен (чопо, кумдук, конгломерат) түзүлүп, беттери тик, жылаңач, өтө тилмеленген учтуу кырлар ж-а аларды бөлүп турган терең, кууш колоттор.

24 ноябрь 2026, саат 13:34 учурдагы нуска

ОРТОҢКУ НАРЫН ӨРӨӨНҮ Ички Теңиртоодо. Экинарындан тартып Акшыйрак (Чаарташ) кырка тоосуна чейин созулуп жатат. Уз. 150 кмден ашык. Түндүктөн Нура, Корго, Ачаташ, Баук, Молдотоо, түштүктөн Нарынтоо, Аламышык, Каратоо, Байбичетоо, Жамантоо курчап турат. Өрөөндүн таманы Алабуга суусу Нарынга куйган жерде 1500 м, Кичи Нарын м-н Чоң Нарындын чаттарында 2250–2300 м бийикте жайгашкан. Экинарындан Аккыяга чейин өрөөн кууш (2–5 км), таманы бийик (2000 мден жогору) келип, батышка барган сайын кеңее баштайт (Куланак кыш. тушта 10 км, Кызылемчек тушта 13 км). Өрөөндүн жазы жерлеринде, айрыкча Атбашы суусу кошулгандан кийин Нарын д. жайылып (жайылманын туурасы 1–1,5 кмге жетет) агып, бир нече айрыктарга бөлүнүп, сай таштардан турган аралчаларды пайда кылат. Чоң сууну бойлоп бир нече бийик тектирлер да созулуп жатат. Кеңиреек ж-а даана байкалган 4- ж-а 5-тектирлердин үстү тегиз келип, калыңдыгы бир нече метр болгон сары чопо түрүндөгү кумайлуу чопо м-н капталган. О. Н. ө-нүн борб. бөлүгүндө 4–5-тектирлердин бетинде суффозиялык, карст чуңкурлары (диаметри 10–15 м, тереңдиги 5–8 м), туюк жарлар бар. Аккыядан төмөн Нарындын сол өйүзүндөгү бийик тектирлер тоо этегиндеги түздүк м-н кошулат (Караталаа м-н Акталаа). Нарындын оң өйүзүндө бардык аралыкта, сол өйүзүндө Куланак кыш-нан батышты карай чаптуу адыр рельефи ээлейт. Чап палеоген, неоген мезгилдеринин тектеринен (чопо, кумдук, конгломерат) түзүлүп, беттери тик, жылаңач, өтө тилмеленген учтуу кырлар ж-а аларды бөлүп турган терең, кууш колоттор. Чаптар өрөөндүн таманына караганда 450–600 м бийик жатат. Мында да чополуу карст кубулуштары байкалат. Чаптуу тилкеден жогору бөксө тоолор же бийик тоо капталдары орун алган. Жалпы структурасы б-ча О. Н. ө. — тоо арасында жаткан эң ири синклиналдык ойдуң; батышты карай төмөндөйт. Климаты континенттик, кургак. Кышы суук. Январдын орт. темп-расы Нарын шнда —17°С, Долондо —13,7°С. Жайы жылуу (июлдуку 9,2°—17,1°С). Жылдык жаанчачыны батыштан чыгышка бийиктеген сайын көбөйөт (200 ммден 350–400 ммге чейин), бийик тоо капталдарында 500 ммге жетет. Жаан-чачындын көбү жаз, жай айларында түшөт. Өрөөндүн аймагында Нарын д-на Атбашы, Алабуга, Терек, Мукачы, Актал (сол), Онарча, Кажырты, Жергетал, Куртка (оң) ж. б. суулар куят. Климатынын кургак болушуна байланыштуу

өрөөндө жарым чөл ж-а талаа ландшафттары кеңири таралган. Өрөөндүн таманында, тектирлерде шыбак-эфемер-шор өсүмдүктүү чөл, жарым чөл басымдуу; топурагы ачык коңур же бозомтук күңүрт. Чаптуу жерлерде өсүмдүктөр өтө сейрек, бирин-серин шор өсүмдүктөрү (баялыш, кара барак, адырашман, терскен, чекенди, эбелек, чингил ж. б.). О. Н. ө-нүн батыш жагында ж-а Алабуга өрөөнүндө, таш-шагылдуу жерлерде төө тапан ж-а тикендүү куурай өсүмдүктөрү кезигет. Бөксө тоолордо ж-а тоо капталдарында, Экинарын тарабындагы өрөөндүн таманында шыбакбетегелүү, шыбак-кылкандуу кургак талаа, бетегелүү талаа ландшафттары кеңири аянтты ээлейт. Каксоо жерлерде, күнөстүү беттерде төөкуйрук, алтыгана ж. б. бадал черлери бар. Тоо этектеринде, өзөндүн бойлорунда чий өсөт. 2500– 2600 мден жогору бетеге, тоо сулу аралашкан шыбактуу ж-а аккылкандуу талаа зонасы орун алган. Ал эми тескей беттеринде карагай токойлуу шалбаа же шалбаалуу талаа ландшафттары таралган. Экинарын тушта карагай токою өрөөндүн таманына (2300 м) чейин түшсө, Аламышык, Каратоолордо өйдөлөйт. Түн.-чыгышка, түн.-батышка, кээде күнгөй жагына караган капталдарда арча токою кезигет.

3100–3200 мден жогору бетеге, доңуз сырты, өлөңдүү шимүүр, каз таман ж. б. түркүн чөптүү субальп, альп шалбаалары бар. Өрөөндүн күнгөй беттерине шалбаалуу талаа ландшафттары мүнөздүү. О. Н. ө-нүн таманындагы түз жерлер дыйканчылыкка пайдаланылат. Анда негизинен тоют өсүмдүктөрү (беде, эспарцет) жүгөрү, дан эгиндери (арпа, буудай, сулу) ж-а жашылча-жемиш айдалат. Тоо капталдары ж-а айдалбаган жерлери жайытка пайдаланылат. Өрөөндө мал чарбасы өнүккөн. Атбашы, Онарча ГЭСтери ж-а Онарча каналы курулган. Өрөөн аркылуу Бишкек — Торугарт, Бишкек — Нарын — Казарман авт. жолдору өтөт. О. Н. ө-ндө Нарын ш., Достук шаарчасы, Акталаа ж-а Нарын р-нун кыш. жайгашкан. С. Байгуттиев, М. Дүйшөнакунов