География:МИҢКУШ ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
disc_geo>KadyrM
No edit summary
1-сап: 1-сап:
Ички Теңиртоодо.
<strong>МИҢКУШ ӨРӨӨНҮ</strong> Ички Теңиртоодо.
Молдотоо м-н Кабактоонун аралыгында, деңиз деңг. 1400–3300 м бийикте жайгашкан. Уз. 30 км, туурасы 2 км. Өрөөндүн башы Доңуз ашуусуна барып такалат. Негизинен кеңдик багытында созулган. Миңкуш шаарчасынан бир аз батышыраакта түн.-батышты карай имерилет да, төмөн жагында кайрадан кеңдик багытка өтөт.

Туюксуунун чатынан төмөн капчыгайга айланат. Өрөөндү курчап турган тоолордун салыштырмалуу бийикт. 1500– 2100 мден ашык. М.ө. Көкөмерен тибиндеги симметриялуу ичке, тар ойдуңдарга кирет. Төмөн жагында ж-а сол өйүзүндө неоген-палеогендин кумдук, чопо, мергель, алевролит; юра мезгилинин конгломерат, аргиллиттери, көмүр кабаттары кездешет.

24 ноябрь 2026, саат 13:34 учурдагы нуска

МИҢКУШ ӨРӨӨНҮ Ички Теңиртоодо. Молдотоо м-н Кабактоонун аралыгында, деңиз деңг. 1400–3300 м бийикте жайгашкан. Уз. 30 км, туурасы 2 км. Өрөөндүн башы Доңуз ашуусуна барып такалат. Негизинен кеңдик багытында созулган. Миңкуш шаарчасынан бир аз батышыраакта түн.-батышты карай имерилет да, төмөн жагында кайрадан кеңдик багытка өтөт. Туюксуунун чатынан төмөн капчыгайга айланат. Өрөөндү курчап турган тоолордун салыштырмалуу бийикт. 1500– 2100 мден ашык. М.ө. Көкөмерен тибиндеги симметриялуу ичке, тар ойдуңдарга кирет. Төмөн жагында ж-а сол өйүзүндө неоген-палеогендин кумдук, чопо, мергель, алевролит; юра мезгилинин конгломерат, аргиллиттери, көмүр кабаттары кездешет. Молдотоо жагында астыңкы карбондун сланец, кумдук, акиташ тектери, Кабактоо тарабында гранит тектери жатат. Миңкуш глиеж кени ж-а көмүр (к. Миңкуш кендеринин тобу) бар. Климаты континенттик. Январдын орт. темп-расы —11,8°С, июлдуку 17°С. Жылдык жаан-чачыны 372 мм; 80%тен ашыгы жаз, жай мезгилдеринде жаайт. Негизги суусу — Миңкуш (куймалары: Чамынды, Туюксуу, Чоңташ). Ландшафттары экспозициясына ж-а бийиктикке жараша өзгөрөт. Тескей тарабында сейрек карагайлуу токой ж-а көбүргөн-шимүүр-каз тамандуу шалбаа (2500–3100 м), субальп, альп шалбаасы ж-а шалбаалуу талаа (3100 мден жогору), күнгөй беттерин бетеге-аккылкан-шыбактуу кургак талаа (1400–2100 м), аккылкан-дүйүм чөптүү талаа (2100–2500 м), жапалак арча, бадалдуу бетеге-дүйүм чөп-шалбаалуу талаа (2500 мден жогору) ландшафттары ээлейт. Анда-санда карагай токойлору кездешет. Капчыгайда, суу бойлорунда терек, тал, кайың, баш жагында четин өсөт. Ландшафттары негизинен жайыт катары ж-а токой чарбасында пайдаланылат. Өрөөндө Миңкуш шаарчасы, Сарыбулак кыш. жайгашкан. Миңкуш — Чаек — Бишкек авт. жолу өтөт.