География:АТБАШЫ ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
disc_geo>KadyrM
No edit summary
1-сап: 1-сап:
— Ички Теңиртоонун түштүгүндөгү тоо аралык ири өрөөн.
АТБАШЫ ӨРӨӨНҮ— Ички Теңиртоонун түштүгүндөгү тоо аралык ири өрөөн.
Түндүгүнөн Нарын, Аламышык, Каратоо, Байбиче, түштүгүнөн Атбашы, Жаңыжер кырка тоолору м-н чектешет. Түн.-чыгыштан түш.-батышка карай 160 кмге созулат.

Туурасы 15–27 км. Өрөөн деңиз деңг. 2000– 3200 м бийиктикте. Өрөөндүн таманы ортосун көздөй акырындап жапыздайт. Бул багытта чыгыштан Атбашы суусу, түш.батыштан анын ири куймасы — Каракоюн суусу агат. Өрөөн тектирлүү; Каракоюндун жогорку бөлүгүндө түп тектирлери 14кө чейин жетет. Атбашы м-н Каракоюн суулары кошулган жерден 10 км төмөнүрөөк чуңкур жерлер көп кездешет. Өрөөндүн ортоңку бөлүгүндө жуулуудан пайда болгон «жетим тоолор» (Чечдөбө, Тоголокдөбө) бар. Аламышык, Каратоонун түш. этектерине (Быткылда) чап рельефи мүнөздүү. Атбашы кырка тоосунун этегинде шиленди тектерден турган түздүктөр жатат. Бул жерде төртүнчүлүк мезгилдин чөкмөлөрүнүн калыңдыгы 10–20 мден ашпайт. Рельефи каледон бүктөлүүсүнөн түзүлө баштап, герцин орогенези мезгилинде өнүккөн; бирок ургаалдуу өнүгүшү альп орогенези мезгилине таандык, анда азыркы рельефинин турпаты түзүлгөн. А. ө. ири геосинклиналды элестетет. Өрөөндө палеоген ж-а неоген мезгилдеринде пайда болгон кыргыздын кызыл түстүү комплекси м-н антропогендин мөңгү, суу чөкмөлөрү бар. Климаты континенттик ж-а кургак. Кышы суук, январдын орт. темп-расы –18,7°С, июлдуку 16,3°С. Жылдык жаанчачыны чыгышында 300–400 мм, батышында 200–260 мм. Өрөөндү курчаган тоолордо жалпы аянты 112,1 км2 келген 255 мөңгү бар. Суулары: Атбашы (ири куймалары — Ачакайыңды, Башкайыңды, Богошту, Үйүрмө, Кайнар, Балыксуу, Жаңыжер, Улан, Узунбулак, Каманды, Башача, Боронду), Каракоюн (куймалары—Четкелтебек, Ортокелтебек, Башкелтебек, Шырыкты, Карасуу). Тоо беттери коңуркүрөң, токой арасы кара ж-а ачык күрөң топурактуу. Атбашы суусун бойлото тал, байтерек, чычырканак ж. б. бадалдар, тектирлерде бетеге, шыбак (2000–2300 м), адырларда чекенде өсүмдүктөрү (2100– 2500 м) өсөт. Атбашы кырка тоосунун этегиндеги түрдүү чөптүү шалбаалуу талаа, бийиктеген сайын карагай токою (четин, карагат, шилби, сары жыгач аралаш), субальп, альп шалбаа (3500–4300 м) алкактарына өтөт. Өрөөндүн түн. тарабына (Нарын кырка тоосунун түш. капталы; 3400– 3500 м) жарым чөл ж-а талаа ландшафттары мүнөздүү. А. ө. — мал чарбачылыгы үчүн жайлуу жер. Сугат ж-а кайрак жерлеринде буудай, арпа, тоют өсүмдүктөрү айдалат. Өрөөн аркылуу Бишкек — Торугарт авт. жолу өтөт. М. Дүйшөнакунов

[[Category:География, Тармактык Энц]]

[[Category:География, Тармактык Энц]]

24 ноябрь 2026, саат 13:34 учурдагы нуска

АТБАШЫ ӨРӨӨНҮ— Ички Теңиртоонун түштүгүндөгү тоо аралык ири өрөөн. Түндүгүнөн Нарын, Аламышык, Каратоо, Байбиче, түштүгүнөн Атбашы, Жаңыжер кырка тоолору м-н чектешет. Түн.-чыгыштан түш.-батышка карай 160 кмге созулат. Туурасы 15–27 км. Өрөөн деңиз деңг. 2000– 3200 м бийиктикте. Өрөөндүн таманы ортосун көздөй акырындап жапыздайт. Бул багытта чыгыштан Атбашы суусу, түш.батыштан анын ири куймасы — Каракоюн суусу агат. Өрөөн тектирлүү; Каракоюндун жогорку бөлүгүндө түп тектирлери 14кө чейин жетет. Атбашы м-н Каракоюн суулары кошулган жерден 10 км төмөнүрөөк чуңкур жерлер көп кездешет. Өрөөндүн ортоңку бөлүгүндө жуулуудан пайда болгон «жетим тоолор» (Чечдөбө, Тоголокдөбө) бар. Аламышык, Каратоонун түш. этектерине (Быткылда) чап рельефи мүнөздүү. Атбашы кырка тоосунун этегинде шиленди тектерден турган түздүктөр жатат. Бул жерде төртүнчүлүк мезгилдин чөкмөлөрүнүн калыңдыгы 10–20 мден ашпайт. Рельефи каледон бүктөлүүсүнөн түзүлө баштап, герцин орогенези мезгилинде өнүккөн; бирок ургаалдуу өнүгүшү альп орогенези мезгилине таандык, анда азыркы рельефинин турпаты түзүлгөн. А. ө. ири геосинклиналды элестетет. Өрөөндө палеоген ж-а неоген мезгилдеринде пайда болгон кыргыздын кызыл түстүү комплекси м-н антропогендин мөңгү, суу чөкмөлөрү бар. Климаты континенттик ж-а кургак. Кышы суук, январдын орт. темп-расы –18,7°С, июлдуку 16,3°С. Жылдык жаанчачыны чыгышында 300–400 мм, батышында 200–260 мм. Өрөөндү курчаган тоолордо жалпы аянты 112,1 км2 келген 255 мөңгү бар. Суулары: Атбашы (ири куймалары — Ачакайыңды, Башкайыңды, Богошту, Үйүрмө, Кайнар, Балыксуу, Жаңыжер, Улан, Узунбулак, Каманды, Башача, Боронду), Каракоюн (куймалары—Четкелтебек, Ортокелтебек, Башкелтебек, Шырыкты, Карасуу). Тоо беттери коңуркүрөң, токой арасы кара ж-а ачык күрөң топурактуу. Атбашы суусун бойлото тал, байтерек, чычырканак ж. б. бадалдар, тектирлерде бетеге, шыбак (2000–2300 м), адырларда чекенде өсүмдүктөрү (2100– 2500 м) өсөт. Атбашы кырка тоосунун этегиндеги түрдүү чөптүү шалбаалуу талаа, бийиктеген сайын карагай токою (четин, карагат, шилби, сары жыгач аралаш), субальп, альп шалбаа (3500–4300 м) алкактарына өтөт. Өрөөндүн түн. тарабына (Нарын кырка тоосунун түш. капталы; 3400– 3500 м) жарым чөл ж-а талаа ландшафттары мүнөздүү. А. ө. — мал чарбачылыгы үчүн жайлуу жер. Сугат ж-а кайрак жерлеринде буудай, арпа, тоют өсүмдүктөрү айдалат. Өрөөн аркылуу Бишкек — Торугарт авт. жолу өтөт. М. Дүйшөнакунов