География:КЫРГЫЗ АЛАТООСУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
disc_geo>KadyrM
No edit summary
1-сап: 1-сап:
– Түн. Теңиртоодогу ири кырка тоо. Ысыккөлдүн батышындагы Кызыломпол тоосунан Тараз ш-на (Казакстан) чейин кеңдик багытта созулуп жаткан ири ж-а татаал антиклинорий. Чүй өрөөнүн Талас, Суусамыр, Кочкор өрөөндөрүнөн бөлөт. Уз. 454 км, эң жазы жери 40 км. Орт. бийикт. 3700 м, эң бийик жери 4895 м (Батыш Аламүдүн чокусу). Чыгыш тарабында чокулары 4000 мден жогору.
<strong>КЫРГЫЗ АЛАТООСУ</strong> – Түн. Теңиртоодогу ири кырка тоо. Ысыккөлдүн батышындагы Кызыломпол тоосунан Тараз ш-на (Казакстан) чейин кеңдик багытта созулуп жаткан ири ж-а татаал антиклинорий. Чүй өрөөнүн Талас, Суусамыр, Кочкор өрөөндөрүнөн бөлөт. Уз. 454 км, эң жазы жери 40 км. Орт. бийикт. 3700 м, эң бийик жери 4895 м (Батыш Аламүдүн чокусу). Чыгыш тарабында чокулары 4000 мден жогору.
Түш. капталынан Төөашуунун тушунда Талас Алатоосу, Ысыката ашуусунун тушунда Карамойнок тоосу айрылат. Суу бөлгүч кыры аскалуу, чокулары шуштугуй пирамида сымал, альп тибиндеги рельеф мүнөздүү. Капталдары асимметриялык түзүлүштө: түш. капталдары кыска түндүгү жазы, айрым айрыктары 30 кмге жетет. Түн. капталынын чыгыш бөлүгүндө адырлар (же бөлтөктөр, бийикт. 2000 мге чейин), батыш бөлүгүндө денудациялык жайык беттер бар. Эки капталында тең капчыгай м-н өрөөн көп. Ирилери: Ашмара, Чоң Кайыңды, Карабалта, Аксуу, Сокулук, Аларча, Аламүдүн, Ысыката, Кегети, Шамшы, Батыш ж-а Чыгыш Каракол ж. б. К. А. рельефинин тиби б-ча бийик, орто бийик, жапыз тоолорго ж-а адырларга бөлүнөт. Бийик тоолорго (2500 мден жогору) байыркы мөңгүлөрдүн издери ж-а азыркы мөңгүлөр, цирктер, төрлөр, тепши түрүндөгү капчыгайлар, аскалуу зоолор, орто бийиктиктеги тоолорго (2000–3000 м) кенен капчыгайлар, кууш кырлар, жапыз тоолорго тегизделген денудациялык жондор, шиленди толгон таманы кенен өрөөндөр мүнөздүү. Чыгыш бөлүгүндө чакан тектон. өрөөндөр (Желаргы, Окторкой, Көкжарсуу ж. б.) кездешет.
Түш. капталынан Төөашуунун тушунда Талас Алатоосу, Ысыката ашуусунун тушунда Карамойнок тоосу айрылат. Суу бөлгүч кыры аскалуу, чокулары шуштугуй пирамида сымал, альп тибиндеги рельеф мүнөздүү. Капталдары асимметриялык түзүлүштө: түш. капталдары кыска түндүгү жазы, айрым айрыктары 30 кмге жетет. Түн. капталынын чыгыш бөлүгүндө адырлар (же бөлтөктөр, бийикт. 2000 мге чейин), батыш бөлүгүндө денудациялык жайык беттер бар. Эки капталында тең капчыгай м-н өрөөн көп. Ирилери: Ашмара, Чоң Кайыңды, Карабалта, Аксуу, Сокулук, Аларча, Аламүдүн, Ысыката, Кегети, Шамшы, Батыш ж-а Чыгыш Каракол ж. б. К. А. рельефинин тиби б-ча бийик, орто бийик, жапыз тоолорго ж-а адырларга бөлүнөт. Бийик тоолорго (2500 мден жогору) байыркы мөңгүлөрдүн издери ж-а азыркы мөңгүлөр, цирктер, төрлөр, тепши түрүндөгү капчыгайлар, аскалуу зоолор, орто бийиктиктеги тоолорго (2000–3000 м) кенен капчыгайлар, кууш кырлар, жапыз тоолорго тегизделген денудациялык жондор, шиленди толгон таманы кенен өрөөндөр мүнөздүү. Чыгыш бөлүгүндө чакан тектон. өрөөндөр (Желаргы, Окторкой, Көкжарсуу ж. б.) кездешет.
Адырлары кокту-колоттуу, жондору жайык чоң дарыя өрөөндөрү м-н айрым бөлтөктөргө бөлүнүп турат.
Адырлары кокту-колоттуу, жондору жайык чоң дарыя өрөөндөрү м-н айрым бөлтөктөргө бөлүнүп турат.

24 ноябрь 2026, саат 13:34 учурдагы нуска

КЫРГЫЗ АЛАТООСУ – Түн. Теңиртоодогу ири кырка тоо. Ысыккөлдүн батышындагы Кызыломпол тоосунан Тараз ш-на (Казакстан) чейин кеңдик багытта созулуп жаткан ири ж-а татаал антиклинорий. Чүй өрөөнүн Талас, Суусамыр, Кочкор өрөөндөрүнөн бөлөт. Уз. 454 км, эң жазы жери 40 км. Орт. бийикт. 3700 м, эң бийик жери 4895 м (Батыш Аламүдүн чокусу). Чыгыш тарабында чокулары 4000 мден жогору. Түш. капталынан Төөашуунун тушунда Талас Алатоосу, Ысыката ашуусунун тушунда Карамойнок тоосу айрылат. Суу бөлгүч кыры аскалуу, чокулары шуштугуй пирамида сымал, альп тибиндеги рельеф мүнөздүү. Капталдары асимметриялык түзүлүштө: түш. капталдары кыска түндүгү жазы, айрым айрыктары 30 кмге жетет. Түн. капталынын чыгыш бөлүгүндө адырлар (же бөлтөктөр, бийикт. 2000 мге чейин), батыш бөлүгүндө денудациялык жайык беттер бар. Эки капталында тең капчыгай м-н өрөөн көп. Ирилери: Ашмара, Чоң Кайыңды, Карабалта, Аксуу, Сокулук, Аларча, Аламүдүн, Ысыката, Кегети, Шамшы, Батыш ж-а Чыгыш Каракол ж. б. К. А. рельефинин тиби б-ча бийик, орто бийик, жапыз тоолорго ж-а адырларга бөлүнөт. Бийик тоолорго (2500 мден жогору) байыркы мөңгүлөрдүн издери ж-а азыркы мөңгүлөр, цирктер, төрлөр, тепши түрүндөгү капчыгайлар, аскалуу зоолор, орто бийиктиктеги тоолорго (2000–3000 м) кенен капчыгайлар, кууш кырлар, жапыз тоолорго тегизделген денудациялык жондор, шиленди толгон таманы кенен өрөөндөр мүнөздүү. Чыгыш бөлүгүндө чакан тектон. өрөөндөр (Желаргы, Окторкой, Көкжарсуу ж. б.) кездешет. Адырлары кокту-колоттуу, жондору жайык чоң дарыя өрөөндөрү м-н айрым бөлтөктөргө бөлүнүп турат. К. А. – геол. түзүлүшү б-ча мегантиклиналь. Тектон. жаракалар аркылуу түндүгүндө Чүй мегасинклиналынан, түштүгүндө Талас, Суусамыр ж-а Кочкор өрөөндөрүнүн синклиналдык түзүлүштөрүнөн бөлүнүп турат. Эң байыркы (кембрийге чейинки) метаморфизмделген кристаллдуу сланец, кварцит, гнейс тоо тектери К.А.Т-нун фундаментин түзүп жатат. Анын үстүндө бурчтук келишпестик м-н каледондун синклиналдык структуралык кабатынын жанартоо ж-а чөкмө тоо тектерден турган калың катмарлары орун алган. Эпикаледондун структуралык кабаты (девон-пермдин) порфирит-туф ж-а чөкмө, көбүнчө кызыл түстүү, континенттик ж-а континенттикдеңиз формацияларынан турат. Кембрийге чейинки ж-а төмөнкү палеозойдо пайда болгон гранитоид интрузиялары кеңири тараган; айрым жерде габброиддер кезигет. Палеозойдун аягында пайда болгон сиенит м-н гранит-сиениттер кыйла кичирээк массивдерди түзөт. Тоонун түн. жагында кайнозойдун континенттик борпоң ж-а түз катмарлуу чөкмөлөрү жатат. Палеогеннеогендик чөкмөлөр тоо этегиндеги адырлар тилкесин түзөт. К. А-нун чегинде узак убакыт бою коргошун рудасы казылып алынган (Борду кени), азыркы учурда карапалык сырьё (Аксуу кени), кооз таш (Кызыломпол кени) кендеринин ө. ж-лык мааниси бар. Алардан башка күкүрт колчеданын (Ачыкташ кени), таш туздун (Желдисуу кени) ж-а табигый курулуш материалдарынын кендери, о. эле полиметалл, жез кендери белгилүү. Ысыката м-н Аламүдүн минералдуу арашан сууларынын базасында дарылоо мекемелери иштейт. Аксуу (Жарташ) минералдуу суусу ичимдик үчүн ө. ж-лык мааниде чыгарылат. Климаты мелүүн континенттик, бийиктик б-ча өзгөрөт. Январдын орт. темп-расы –4...–5°Сден (тоо этегинде) – 20...–25°Сге чейин (4000–4500 м бийиктикте), июлдуку 20–23°Сден (тоо этегинде) 0–5°Сге чейин (кыр бөлүгүндө). Жылдык жаан-чачын этектеринде 300–400 мм, кырына жакын 800–1000 мм. К. А-нда жалпы аянты 520 км2ге жеткен 582 мөңгү бар. Анын 483 (жалпы аянты 471 км2) түн. капталында, 99 (49 км2) түштүгүндө. Көбү борб. бөлүгүндө (Карабалтадан Шамшыга чейинки аралыктагы мөңгүлөрдүн жалпы аянты 300 км2ге жетет). Ири мөңгүлөрү: Топкарагай (аянты 6,4 км2), Кеңтөр (10,0 км2), Голубин (9,4 км2), Туюк (8,5 км2), Чоңтөр (6,1 км2). Кар чегинин бийикт. 3750–4100 м. Суулары Чүй, Нарын ж-а Талас д-нын алабына таандык. Ири суулары түн. капталында: Ысыката (жылдык орт. чыгымы 7,2 м3/сек), Аламүдүн (6,3 м3/сек), Карабалта (5,3 м3/сек), Сокулук (5,2 м3/сек) ж. б.; түш. капталында: Каракол (чыгыш; 4,8 м3/сек), Көкөмерен, Суусамыр ж-а Караколдун (Таластын алабы) куймалары. Булар мөңгү ж-а кар сууларынан куралат. Апрель– май айларында кирип, август–сентябрда тартыла баштайт. К. А-нун топурак ж-а өсүмдүктөрү бийиктик б-ча өзгөрөт. Түн. капталына кургакчыл талаа ж-а талаа (700–1000 м бийиктикте, ачык коңур топурактуу келип, акшыбак, камгак, эбелек, аккылкан ж.б. өсүмдүктөр өсөт), кара коңур топурактуу талаа (1000–1600 м; бетеге, шыбак, карындыз, буудайык, караган ж. б.), шалбаалуу талаа (1600–1900 м; кара топурактуу келип, бетеге, шыраалжын, будайык, дүйүм чөп ж.б.), токойлуу талаа-шалбаа (1900–2700 м; каралжын тоо-токой, тоо-шалбаа топурактуу, тескей беттеринде карагай, күнгөйүндө арча, аларга жанаша шалбаа өсүмдүктөрү, четин, кайың, тал, бадалдар–бөрү карагат, итмурун, акчечек ж. б.), субальп (2700– 3100 м), альп шалбаасы (3100–3500 м), гляциалдык-нивалдык (3500 мден жогору) ландшафт алкактары мүнөздүү. Түш. капталдарында дарак өсүмдүктөрү кездешпейт. Анда тоолуу талаа ландшафты (2300– 2900 м бийиктикте) орун алган. Тоо этегинде таштактуу жарым чөл ландшафты (1700–2300 м) бар. Башка ландшафттык алкактар түн. жагына окшош, бирок кургакчыл келип алардын чектери 300–400 мге бийигирээк. Жаныбарлары: аюу, илбирс, сүлөөсүн, карышкыр, элик, тоо эчки, суусар, түлкү, бүркүт, ителги, улар, кекилик, чил, куш, арсчычкан, ачкүзөн ж. б. К. А. негизинен жайыт катары пайдаланылат. Сараласаз, Суусамыр ж. б. сымал белгилүү жайлоолору бар. Тоо этектериндеги ж-а ички өрөөндөрүндөгү түзөң ж-а бир аз жантайыңкы жеринин көбү айдоого пайдаланылат. Тоонун түндүгүндөгү райондор түш. капталдарындагы өрөөндөр ж-а жайлоолор м-н Шамшы, Ысыката, Аларча, Сокулук ашуулары аркылуу байланышат. Төөашуудагы тешкен тоо аркылуу Бишкек– Ош авт. жолу өтөт.

Т. Кулматов, А. Осмонов