География:КОЧКОРДӨБӨ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM No edit summary |
disc_geo>KadyrM No edit summary |

| 1-сап: | 1-сап: | ||
КОЧКОРДӨБӨ – Фергана тоо тизмегинин түн.-чыгыш тармагы. Кетментөбө өрөөнүнүн түштүгүнөн орун алган. Батыштан чыгышка карай кеңдик багытта ийилип жатат. Уз. 21 км, туурасы 6 км. Орт. бийикт. 1700–1800 м, эң бийик жери 2534 м. Тоонун суу бөлгүчү түзөң ж-а тайпак. Тоо капталдары жантайыңкы (20–30°). Неогендин боз түстүү конгломерат, кумдук тектеринен түзүлгөн. Эфемершыбактуу жарым чөл, бийик чөптүү талаа ландшафттары басымдуу. Чарбачылыкта чабынды, жайыт катары пайдаланылат. | |||

[[Category:География, Тармактык Энц]] |

[[Category:География, Тармактык Энц]] | ||
24 ноябрь 2026, саат 13:34 учурдагы нуска
КОЧКОРДӨБӨ – Фергана тоо тизмегинин түн.-чыгыш тармагы. Кетментөбө өрөөнүнүн түштүгүнөн орун алган. Батыштан чыгышка карай кеңдик багытта ийилип жатат. Уз. 21 км, туурасы 6 км. Орт. бийикт. 1700–1800 м, эң бийик жери 2534 м. Тоонун суу бөлгүчү түзөң ж-а тайпак. Тоо капталдары жантайыңкы (20–30°). Неогендин боз түстүү конгломерат, кумдук тектеринен түзүлгөн. Эфемершыбактуу жарым чөл, бийик чөптүү талаа ландшафттары басымдуу. Чарбачылыкта чабынды, жайыт катары пайдаланылат.