География:ТООЛОР 4 6 КАРАЖОРГО ТООСУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
disc_geo>KadyrM
No edit summary
1-сап: 1-сап:
Ички Теңиртоодо.
ТООЛОР 4 6 КАРАЖОРГО ТООСУ Ички Теңиртоодо.
Түндүгүнөн Каракужур өрөөнү, түштүгүнөн Кичи Каракужур, Солтонсары, батышынан Сарыбулак сууларынын өрөөндөрү м-н чектешет. Кеңдик багытта 66 кмге созулат.
Түндүгүнөн Каракужур өрөөнү, түштүгүнөн Кичи Каракужур, Солтонсары, батышынан Сарыбулак сууларынын өрөөндөрү м-н чектешет. Кеңдик багытта 66 кмге созулат.
Туурасы 12 км. Орт. бийикт. 3600 м, эң бийик жери 3853 м. Айланасындагы өрөөндөрдөн салыштырмалуу бийикт. чыгышында 380 м, батышында 800 м. К. т. горст-мегантиклиналдык түзүлүштө. Батыш бөлүгү неогендин аягы төртүнчүлүк мезгилинин башында, ал эми чыгыш жагы төртүнчүлүк мезгилинде көтөрүлгөн (бул бөлүгү палеоген м-н неогендин кызыл түстүү тектери м-н капталган). Кырына байыркы тайпаң жерлер мүнөздүү. Майтөр суусунун башында байыркы тайпаң жерлер 3400 м бийикте жатат, ал чыгышты көздөй 3000 мге чейин жапыздап, батышты карай айрым жерлери 3800 мге чейин көтөрүлөт да кайра 3000 мге чейин жапыздайт. Түн. капталы узун ж-а жантайыңкы, түш. капталы кыска. Түн. капталында тепши сымал өрөөндөр да кездешет. Кокту-колоттуу, сайлуу келип, Аккыя (3495 м), Кашкасуу (3627 м), Чамындыжылга (4414 м), Жалпакбел (3300 м) сымал ашуулары да бар. К. т. негизинен ордовиктин интрузия (гранит, гранит-диорит) ж-а протерозойдун метаморфизм (мраморлошкон, доломиттешкен акиташ теги, филлит, кумдук, алевролит, диабаз, туф) тектеринен түзүлгөн. 3100–3800 м бийиктикке субальп, шалбаалуу-талаа, түн. капталына альп шалбаа ландшафт алкактары мүнөздүү. Чарбада жайыт катары пайдаланылат.

[[Category:География, Тармактык Энц]]

[[Category:География, Тармактык Энц]]

24 ноябрь 2026, саат 13:34 учурдагы нуска

ТООЛОР 4 6 КАРАЖОРГО ТООСУ Ички Теңиртоодо. Түндүгүнөн Каракужур өрөөнү, түштүгүнөн Кичи Каракужур, Солтонсары, батышынан Сарыбулак сууларынын өрөөндөрү м-н чектешет. Кеңдик багытта 66 кмге созулат. Туурасы 12 км. Орт. бийикт. 3600 м, эң бийик жери 3853 м. Айланасындагы өрөөндөрдөн салыштырмалуу бийикт. чыгышында 380 м, батышында 800 м. К. т. горст-мегантиклиналдык түзүлүштө. Батыш бөлүгү неогендин аягы төртүнчүлүк мезгилинин башында, ал эми чыгыш жагы төртүнчүлүк мезгилинде көтөрүлгөн (бул бөлүгү палеоген м-н неогендин кызыл түстүү тектери м-н капталган). Кырына байыркы тайпаң жерлер мүнөздүү. Майтөр суусунун башында байыркы тайпаң жерлер 3400 м бийикте жатат, ал чыгышты көздөй 3000 мге чейин жапыздап, батышты карай айрым жерлери 3800 мге чейин көтөрүлөт да кайра 3000 мге чейин жапыздайт. Түн. капталы узун ж-а жантайыңкы, түш. капталы кыска. Түн. капталында тепши сымал өрөөндөр да кездешет. Кокту-колоттуу, сайлуу келип, Аккыя (3495 м), Кашкасуу (3627 м), Чамындыжылга (4414 м), Жалпакбел (3300 м) сымал ашуулары да бар. К. т. негизинен ордовиктин интрузия (гранит, гранит-диорит) ж-а протерозойдун метаморфизм (мраморлошкон, доломиттешкен акиташ теги, филлит, кумдук, алевролит, диабаз, туф) тектеринен түзүлгөн. 3100–3800 м бийиктикке субальп, шалбаалуу-талаа, түн. капталына альп шалбаа ландшафт алкактары мүнөздүү. Чарбада жайыт катары пайдаланылат.