МАКСИМОВА Екатерина Сергеевна: нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Lera «МАКСИМОВА» барагын «МАКСИМОВА Екатерина Сергеевна» деп кайра атады) |
(Айырма жок)
| |
20 ноябрь 2026, саат 10:40 учурдагы нуска
МАКСИМОВА Екатерина Сергеевна (1. 2. 1939, Москва - 28. 4. 2009, ошол эле жер) - балерина, СССР эл артисти (1973). Ленин комсомолу сыйлыгынын (1972), СССР мамлекеттик сыйлыгынын (1981), «Академия
Симба» эл аралык сыйлыгынын (Италия, 1984), кино жаатындагы РСФСРдин мамлекеттик сыйлыгынын (1984) лауреаты. Россия театр искусствосу академиясынын профессору (1996), «Кремль балети» театрынын (1990-жылдан), Чоң театрдын (1998-жылдан) педагог-репетитору. Москва хореографиялык окуу жайын бүтүргөн (1958). 1957-жылы хореографиялык окуу жайында окуп жүргөндө эле П. Чайковскийдин «Щелкунчик» балетинен Машанын партиясын аткарып, таланттуу бийчи катары таанылган. 1958-1988-жылдары Москвадагы Чоң театрда иштеген. Аткарган негизги партиялары: Жизель (Адан, «Жизель»), Китри (Минкус, «ДонКихот»), Одетта-Одиллия, Аврора (Чайковский, «Ак куу көлү», «Уйкудагы сулуу»), Балерина (Стравинский, «Петрушка»), Жульетта, Катерина (Прокофьев, «Ромео жана Жульетта», «Таш гүл») жана башкалар. Е. Максимова дүйнөлүк балет артисттери В. Васильев (күйөөсү), М. Лиепа, Фадечеев, М. Лавровский, Богатырев менен бийлеген. Киного да тартылган («Галатея», «Эски танго», «Анюта», «Чаплинианада», «Катя Володя» жана башкалар). Анна Павлова сыйлыгынын (1969), Мариус Петипа сыйлыгынын (1972; экөө тең Париж) лауреаты. Ленин ордени менен сыйланган.
