МУКАНБЕТОВ Экия: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1-сап: | 1-сап: | ||
<p><strong data-text-type="type_1_article_title">МУКАНБЕТОВ </strong>Экия (15. 6. 1933, азыркы | <p><strong data-text-type="type_1_article_title">МУКАНБЕТОВ </strong>Экия (15. 6. 1933, азыркы Ысык-Көл облусу, Түп району, Талды-Суу айылы - 21. 9. 1975, Фрунзе) - комузчу, ырчы, обончу, актёр. Комузчунун үй-бүлөсүндө туулган. Э. Муканбетовдун ырчылык, комузчулук <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> актёрдук өнөрү мектепте окуп жүргөндө эле башталган. 1954-1960-<abbr data-short="ж. Т." data-full="жылы Туулган" data-extended="true">жылы Т. </abbr>Сатылганов <abbr data-short="атн." data-full="атындагы" data-extended="true">атындагы</abbr> Кыргыз <abbr data-short="мамл." data-full="мамлекеттик" data-extended="true">мамлекеттик</abbr> филармониясында иштеп, комузчу-аткаруучу катары К. Орозовдун «Ибарат», Ы. Тумановдун «Жаш тилек», Т. Сатылгановдун «Чоң кербез», комузчулар ансамблинде Атайдын «Маш ботой», Айдараалынын «Көйрөн күү», Токтогулдун «Чайкама» жана башка күүлөрдү чебер аткарган. [[File:МУКАНБЕТОВ_1.jpg|thumb|left|199x199px|<strong data-text-type="type_1_article_title">МУКАНБЕТОВ </strong>Экия]] | ||
1960-1975-жылдары Кыргыз <abbr data-short="мамл." data-full="мамлекеттик" data-extended="true">мамлекеттик</abbr> драма театрында актёр болуп эмгектенип, түрдүү мүнөздөгү образдарды жараткан. Э. Муканбетовдун нукура элдик куудулдук таланты Р. Шүкүрбековдун «Келип кетти», «Ашка жүк, башка жүк», «Калпак» <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> өзүнүн «Кулдураса эле куран болот тура» деген интермедияларында таасын көрүнгөн. Театрда аткарган ролдору: Ырчы (К. Жантөшев, «Курманбек»), Айдайбол (А. Тажибаев, «Жалгыз дарак токой болбойт»), Касым (Ш. Бейшеналиев, «Тоо койнундагы гүл»), Кодор, Молдосан (А. Токомбаев, «Тергөө жүрүп жатат», «Өлбөстүн үрөнү»), Иуда(Т. Шевченко, «Назар Стодоля»), Алисев (М. Ибраимов, «Элет кызы»), Майрык (Ч. Айтматов, «Биринчи мугалим»), Шаршен (К. Маликов, «Осмонкул»), Шаршен (Ж. Садыков, «Күйөө жолдош») жана башкалар. Э. Муканбетов - лирикалык <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> балдарга арналган кайталангыс көп обондордун автору. «Кыялым менин кызыл гүл», «Эмне артык», «Кой, кой жигит», «Кызгалдак», «Казак кызына», «Сүйүүнүн кызыл желеги», «Бакыттын даамын бир татсак», «Өзү менен биргемин», «Тушүнсөң боло суратпай», «Сайрагүл», «Өчпөсүн менин үмүтүм», «Ак кайың», «Айдайлы жашоо кемесин», «Айтылбай ичте сыр калат», «Чабан жигитке» жана башка ырлары кыргыздын ыр казынасын байыткан. Э. Муканбетовдун ысмы туулган айылындагы көчөгө коюлган.</p> | |||
[[Category:5-том,_401-500_бб]] | [[Category:5-том,_401-500_бб]] | ||
26 ноябрь 2026, саат 10:18 учурдагы нуска
МУКАНБЕТОВ Экия (15. 6. 1933, азыркы Ысык-Көл облусу, Түп району, Талды-Суу айылы - 21. 9. 1975, Фрунзе) - комузчу, ырчы, обончу, актёр. Комузчунун үй-бүлөсүндө туулган. Э. Муканбетовдун ырчылык, комузчулук жана актёрдук өнөрү мектепте окуп жүргөндө эле башталган. 1954-1960-жылы Т. Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясында иштеп, комузчу-аткаруучу катары К. Орозовдун «Ибарат», Ы. Тумановдун «Жаш тилек», Т. Сатылгановдун «Чоң кербез», комузчулар ансамблинде Атайдын «Маш ботой», Айдараалынын «Көйрөн күү», Токтогулдун «Чайкама» жана башка күүлөрдү чебер аткарган.

1960-1975-жылдары Кыргыз мамлекеттик драма театрында актёр болуп эмгектенип, түрдүү мүнөздөгү образдарды жараткан. Э. Муканбетовдун нукура элдик куудулдук таланты Р. Шүкүрбековдун «Келип кетти», «Ашка жүк, башка жүк», «Калпак» жана өзүнүн «Кулдураса эле куран болот тура» деген интермедияларында таасын көрүнгөн. Театрда аткарган ролдору: Ырчы (К. Жантөшев, «Курманбек»), Айдайбол (А. Тажибаев, «Жалгыз дарак токой болбойт»), Касым (Ш. Бейшеналиев, «Тоо койнундагы гүл»), Кодор, Молдосан (А. Токомбаев, «Тергөө жүрүп жатат», «Өлбөстүн үрөнү»), Иуда(Т. Шевченко, «Назар Стодоля»), Алисев (М. Ибраимов, «Элет кызы»), Майрык (Ч. Айтматов, «Биринчи мугалим»), Шаршен (К. Маликов, «Осмонкул»), Шаршен (Ж. Садыков, «Күйөө жолдош») жана башкалар. Э. Муканбетов - лирикалык жана балдарга арналган кайталангыс көп обондордун автору. «Кыялым менин кызыл гүл», «Эмне артык», «Кой, кой жигит», «Кызгалдак», «Казак кызына», «Сүйүүнүн кызыл желеги», «Бакыттын даамын бир татсак», «Өзү менен биргемин», «Тушүнсөң боло суратпай», «Сайрагүл», «Өчпөсүн менин үмүтүм», «Ак кайың», «Айдайлы жашоо кемесин», «Айтылбай ичте сыр калат», «Чабан жигитке» жана башка ырлары кыргыздын ыр казынасын байыткан. Э. Муканбетовдун ысмы туулган айылындагы көчөгө коюлган.