ВАНАДИНИТ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
м (Temirkan moved page ВАНАДИН to ВАНАДИНИТ)
 
(Айырма жок)

24 май 2024, саат 05:46 учурдагы соңку нуска

ВАНАДИНИТ – ванадаттар классындагы минерал. Химиялык формуласы Pb5(VO4)3Cl. Гексагон сингониясында кристаллданат. Өӊү сары, күрөӊ, кээде кызыл, алмаз сымал жалтырайт. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 2,75–3. Салыштырма салмагы 6,66–7,23. Ванадин коргошун-цинктүү сульфид кендеринин кычкылдануу зонасында пайда болот. Ванадинден ванадий металлы алынат.