МУСУЛМАНДАР БЮРОСУ (1919-20): нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МУСУЛМАНДАР БЮРОСУ (1919-20) - Түркстан крайындагы мусулмандардын мүдөөсүн коргоо үчүн уюшулган крайлык комитеттин атайын бөлүмү (Краймусбюро). Иш жүзүндө Түркстан АССРинде болыпевиктердин бийлигин чыңоо үчүн түзүлгөн. Анткени Кокон автономиясынын (ноябрь, 1917 - февраль, 1918) түзүлүшү жана кулашы мусулман крайында алардын кадыры абдан алсыз экенин көрсөткөн. 1919-ж. 6-апрелде Түркстан КП Крайкому «Мусулмандар бюросу жөнүндө жобону» бекитип, 7-июлда «Мусулмандардын коммунисттик секциясы жөнүндө жобону» иштеп чыккан. Төрагасы болуп Т. Рыскулов, мүчөлүгүнө Ю. Алиев, Ю. Ибрагимов, А. Мухитдинов, Н. Хожаевдер шайланган. М. б. крайдагы өзгөчө абалды эске алуу менен жергиликтүү элди партияга тартуу, айыл-кыштактарда партиялык ячейкаларды ачуу, эл чарба жана аскер кадрларын даярдоо сыяктуу иштерди аткарып, өз алдынча «Иштирокиюн» («Коммунист», кийин «Кизил байрок», азыркы «Узбекистон овози») деген гезит чыгарышкан. Бирок М. б. Түркстан компартиясын жападан-жалгыз жетекчи орган катары таануудан баш тартып, крайдагы этностук татаал абалды эске алуу менен «Түрк республикасы», «Түрк компартиясын» түзүүнү сунуш-кылган. Мындай абалда РСФСР ЭКС БАК тарабынан 1919-ж. 8-октябрда Түрккомиссия (төрагасы Ш. Элиава) түзүлүп, М. б-нун ишмердүүлүгүнө текшерүү жүргүзүлгөн. Анын негизинде Крайлык 5-партконф-янын (январь, 1920) чечими менен М. б. Түрстан Компартиясына бириктирилген.
Ад.; Абдуллаев Р. М. и др. Туркестан в начале XX века: К истории истоков национальной независимости. Таш., 2000. А. Ш. Махаева.