МУРДАШ-БАШЫ АСКА БЕТИНДЕГИ СҮРӨТТӨРҮ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МУРДАШ-БАШЫ АСКА БЕТИНДЕГИ СҮРӨТТӨРҮ — коло дооруна жана о. кылымга таандык археол. эстелик. Алай кырка тоосунда, Үч-Дөбө айылынан 20 км түндүктө жайгашкан. Анда дөңгөлөктөр, тоо эчкилер, күн түспөлдөш белгилер, төөлөр жана колдорун жогору көтөрүп, ритуалдык бий аткарган адамдардын сүрөттөрү тартылган. Аска бетинде сүрөттөрдөн эрте көчмөндөрдүн көркөм искусствосуна мүнөздүү илбирс сыяктуу чоң жырткычтын сөлөкөтү көркөм чеберчиликте белгиленген. Кыргыз тарыхчылар жамааты менен Түрк тарых курумунун биргелешкен археол. экспедициясы тарабыңан 2000-ж. изилденген.