МОНУМЕНТАЛДЫК ИСКУССТВО: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска

МОНУМЕНТАЛДЫК ИСКУССТВО - архитектуралык курулуштарды идеялыц-көркөмдүк жагынан то­луктап турган пластикалык өнөрдүн түрү. М. и-на эстеликтер, монументтер, панно, фреско жана имараттардын живопистик, мозаикалык, ошондой эле скульптура жактан көркөмдөлүшү кирет. Кээде М. и-нун чыгармаларын монументтик­жасалга искусствосунун чыгармалары деп аташат, себеби алар бир эле учурда идеялык көркөм про­паганда үчүн жана ансамблдеги эстетикалык кооз­дукту күчөтүү максаттарында колдонулат. М. и. чыгармалары музейлерде, турак жайларда, аянт­тарда, парктарда, чоң коомдук имараттардын алдында орнотулат, мисалы, Ватикан сарайында­гы Рафаэлдин фрескалары же Микеланжелонун Сикстин капелласынын чамгарагындагы сү­рөттөрү. М. и. өзгөчө бир бүтүндүктү, ачык­тыкты, образдык максаттуулукту, чоң масштаб­ды, жөнөкөй жана күчтүү формаларды талап кылат.