МОЛЕКУЛАЛЫК МАССА: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МОЛЕКУЛАЛЫК МАССА - молекуланын курамына кирген атомдордун массаларынын суммасы. М. м. жөнүндөгү түшүнүк газ же буу абалындагы заттар үчүн гана эмес, катуу заттар жана бир нече заттын аралашмасы үчүн дагы колдонулат. Кээде курамы белгилүү, ар кандай заттардын аралашмасынын М. м-сын да аныктоого болот. Мисалы, азот, кычкылтек ж. б. газдардын белгилүү катыштагы аралашмасынан турган абанын М. м-сы орто эсеп менен 29 деп кабыл алынган. М. м. - заттардын манилүү мүнөздөмөлөрүнүн бири. Ал ар түрдүү заттар үчүн ар башка мааниге ээ. Жөнөкөй молекулалардын (Cl2, Н2, F2 ж. б.) М. м-сы кичине өлчөмдө болсо, белоктор, нуклеин кислоталары, клетчатка, крахмал сыяктуу биожана табигый бирикмелердики млнго, млрдга жетет. Газ абалындагы заттардын М. м-сын аныктоодо Авогадро закону колдонулат. Кадимки шартта бир моль газ 22,4 л көлөмгө ээ. Газдын тыгыздыгын аныктап, моль саны аркылуу М. м-сын эсептеп чыгарат. Эритмедеги заттардын М. м-сын аныктоодо эбуллиоскопия жана криоскопия методдору колдонулат. Ири молекулалык массалуу бирикмелер үчүн М. м. анын физикалык касиетин көрсөтүүчү негизги мүнөздөмө. Полимердин М. м-сын билүү макромолекулалардын узундугу, мономерлердин орт. саны, полимерлешүү даражасы ж. б. жөнүндөгү түшүнүктү берет. М. м. химиялык, физикалык жана химиялык-технол. эсептөөлөрдө колдонулат.