МОДЕРНИЗАЦИЯ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МОДЕРНИЗАЦИЯ (фр. moderne - учурдагы, жаңы) - техникалык каражаттар, технол. процесстер ж. б-ны учурдун талабына жооп бере тургандай өзгөртүү, өркүндөтүү. Эки тиби (органикалык жана органикалык эмес), төрт түрү (экономикалык, саясий, маданий, социалдык) бар. Экономикалык М. экономикалык кайра өндүрүүнү ургаалдаштыруу процессин карайт. Ал эмгектин бөлүнүшүнүн өсүшү, өндүрүштүн энергетикалык каражаттары, илимдин өндүрүштүк күчкө айланышы жана өндүрүштү рационалдуу башкаруунун өнүгүшүнүн негизинде жүзөгө ашат. Анын түзүүчүлөрү - өндүрүштө, эмгекте ж. б-да адамдын жана жаныбарлардын күчүн жансыз энергия булактарына (буу, электр жана атом) алмаштыруу, экономикалык ишкердүүлүктү кадаа-салттык чөйрөдөн бөлүү, эмгек куралдарын прогрессивдүү машиналар жана татаал техникалык каражаттар менен алмаштыруу, өнүгүп келе жаткан индустрия ж. б.
Ад.: Травин Д„ Маргания О. Европейская модернизация. М.; СПб., 2004. Кн. 1-2; Аузан Атап Айтканда Национальные ценности и модернизация. М., 2010.