МОДЕЛЬ (математика): нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МОДЕЛЬ математикадаматематикалык символдордун жардамы менен сырткы дүйнөнүн кандайдыр бир кубулуштарынын классын болжолдуу жазуу. М. - сырткы дүйнөнү таанып-билүүнүн күчтүү ыкмасы, ошондой эле алдын ала айтуу жана башкаруунун негизи. М. анализи изилденүүчү кубулуштун маңызын ачууга мүмкүндүк түзөт. М-дөө процесси, башкача айтканда кубулуштарды М-дин жардамы менен изилдөө 4 этапка бөлүнөт: 1) М-дин негизги объектилерин байланыштыруу закондорун аныктоо. Мында изилденүүчү кубулуш фактыларын жана өз ара байланыштары терең изилденип, объектилердин ортосундагы байланыш жөнүндөгү аныкталган түшүнүктөр матем. тил менен жазылат; 2) М-дер келтирилүүчү математикалык маселелерди изилдөө. Мындагы негизги маселе М-ди анализдөөнүн натыйжасында алуу. Бул этапта М-ди анализдөөчү математикалык аппарат жана эсептөө техникасы маанилүү ролго ээ; 3) кабыл алынган гипотезалык М. практиканын критерийин канааттандырарын аныктоо. Бул метод макрожана микродүйнөнүн бизге түздөн-түз түшүнүксүз кубулуштарын изилдөөдөгү бирден бир метод болуп эсептелет; 4) изилденүүчү кубулуштар жөнүндөгү белгилүү маалыматтардын
топтолушуна карата М-ди андан ары анализдөө жана өркүндөтүү (модернизациялоо). Изилденүүчү кубулуштар жөнүндөгү белгилүү маалыматтар илим менен техниканын өсүш процессинде улам тактала берет. Тышкы дүйнө кубулуштарын изилдөөнү математикалык маселелерге келтируүчү М-дөө методу изилдөөнүн башка методдорунун ичинде алдынкы орунда турат. Ал айрыкча ЭЭМдин пайда болушу менен өзгөчө орунга чыкты. Ал илим менен техниканын татаал маселелерин чыгарууга, оптималдык режимде иштөөчү жаңы техникалык каражаттарды долбоорлоого мүмкүндүк түзөт.
Математикалык М. башкаруунун маанилүү каражаты катары да өзүн көрсөтө алды. М. эл чарбасынын дээрлик бардык тармактарында колдонулат.
Ад.: Иванилов Ю.П., Лотов А. В. Математические модели в экономике. М., 1979; Краснощеков П. С., Петров Атап Айтканда Принципы построения моделей. 2-е изд. М., 2000; Самарский Атап Айтканда, Михайлов А. П. Математическое моделирование. Идеи, методы, примеры. М., 2005.