МУТАНТ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:16 учурдагы нуска
МУТАНТ - организмдин мутациянын натыйжасында тукум куума өзгөрүлгөн формасы. М. мутагендердин таасири менен ички өзгөрүүдөн (спонтандуу) пайда болот. Көпчүлүк М. өзү пайда болгон организмден (жапайы формасынан) айырмаланат, демейде ар кандай структуралары жана функциялары бузулгандыктан, тиричиликке жөндөмү төмөн болот. Чанда селекциялык максаттагы демейдеги чөйрөдө (чарбалык баалуу белгилерин жасалма тандоо менен) да болушу мүмкүн. Мындай М. өсүмдүктөрдүн жаңы сортун, малдын породасын, витамин, амин кислотасы, антибиотик ж. б. биол. активдүү заттарды алуу максатында пайдаланылат. М. генетикада мутациялык процесстердин закон ченемдүүлүктөрүн, генетикалык аппараттардын түзүлүшүн жана иштешин, ар кандай заттардын биосинтезин ж. б. изилдөөдө пайдаланылат. М. табигый тандалуунун баштапкы материалы болгондуктан, эволюцияда маанилүү роль ойнойт.