МУНИЦИПАЛДЫК КЫЗМАТ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:16 учурдагы нуска

МУНИЦИПАЛДЫК КЫЗМАТ - жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү жана аткаруучу-тескөөчү органдарындагы кесип­тик жана акы төлөнүүчү негизде жүзөгө ашыруу­чу иши. Жарандардын КР Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында түзүлгөн жана ушул органдардын ыйгарым укуктарын аткарууга бай­ланыштуу кесиптик иши муниципалдык кыз­мат болуп саналат. КРдин жарандары жыны­сына, расасына, улутуна, тилине, тегине, мүлк­түк жана кызматтык абалына, жашаган жери­не, динге карата мамилесине, ынанымдарына карабастан, муниципалдык кызматка карата бирдей мүмкүнчүлүккө ээ. М. комитетта уюштуруу жана иштөө тартиби КР мыйзамдары менен жөнгө салынат.