МӨМӨ ӨСҮМДҮКТӨРҮ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:16 учурдагы нуска
МӨМӨ ӨСҮМДҮКТӨРҮ - мөмөсү жегенге жарактуу (ширелүү, даамдуу ж. б.) жапайы өсүүчү жана эгилме дарактар менен бадалдар. Булардын түрлөрү өтө көп. КМШ өлкөлөрүндө М. ө-нүн 26 тукумга кирген 200дөн ашык түрү бар. Алардын негизгилери: роза гүлдүүлөр (алма, алмурут, бий алма, чие, гилас, кайналы, кызыл өрүк, шабдалы, бадам, кызылгат ж. б.), жаңгак мөмөлүүлөр (грек жаңгагы, пекан, мисте ж. б.), жийде өсүмдүктөрү (жийде, чычырканак ж. б.), руталар (мандарин, апельсин, лимон, грейпфрут, цитрон) ж. б.