МОЧЕВИНА-ФОРМАЛЬДЕГИД ЧАЙЫРЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска

МОЧЕВЙНА-ФОРМАЛЬДЕГЙД ЧАЙЫРЫ - мочевина менен формальдегидди поликонденса­циялоодон алынган полимер. Бул полимердин пайда болуу реакциясы ар бири өзүнчө белгилүү шартты талап кылуучу бир нече баскычта өтөт. М.-ф. ч-н алууда конденсациялоону кычкыл чөйрөдө жүргүзгөндө полимерди пайда кылууга жөндөмсүз метиленмочевина пайда болот. Бул кээ бир касиеттерине (механикалык, оптикалык) терс таа­сирин тийгизет. Ошондуктан өндүрүштө аны син­тездөө щелочтуу чөйрөдө өткөрүлөт. М.-ф. ч. суу­дагы эритме түрүндө, ошондой эле модификациялан­ганы спирттеги эритме түрүндө алынат. Ал түссүз, жарыкка туруктуу, узакка сактаганда бу­зулбайт, жакшы боёлот. Алардын негизинде же­лим, лак, пресстөө үчүн порошоктор, куйма мас­салар алынат, сынбоочу көп катмарлуу айнек­терди өндүрүүдө, эритмелери жыгачтарды чап­тоодо, боёкторду коюулантуу үчүн колдонулат.