МОТОЦИКЛ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:16 учурдагы нуска

МОТОЦЙКЛ (мото... жана грекче кук1оз - дөңгө­лөк) - жумуш аткаруучу көлөмү 49,8 см3дан ашык болгон ичинен күймө кыймылдаткыч менен жабдылган эки же үч дөңгөлөктүү транс­порттук каражат (адатта карбюратордуу, эки же төрт тактылуу, кубаттуулугу 75 кВтка чейин). Ылдамдыгы 215 км/ска жетет. 100 кмге 5,8 л май чыгымдайт. Арналышына жараша транс­порттук, спорттук жана атайын болуп бөлүнөт. Транспорттук М-дер өлчөмү жана массасы кичи­не, манёвр жасоого ылайыктуу, тейлөө оңой бо­лот. Спорттук М. менен чоң ылдамдыкта жана өтө татаал жолдордо жүрөт. Атайын М-дерге пат­рулдук, эскорттук, соода ж. б. М-дер кирет. 0. эле көлөмү жана констр-сы боюнча да айырмала­нат, мисалы, мопеддер, мокики (кичине өлчөмдүү кыймылдаткычтуу), мотороллер. М-дердин классикалык, круизер, турер, кросс үчүн, энду­ро, чоппер ж. б. түрлөрү бар.