МОСКВА (шаар): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:30 учурдагы нуска

МОСКВА - Россия Федерациясынын борбору. РФтин субъекти. Федерациялык маанидеги шаар. Федерация округунун жана Москва обл-нун администрациялык борбору. Баатыр-шаар. Өлкөдөгү эң ири (дүйнөдө эң маанилүү) саясий, ө. ж., илимий жана маданий борбор. Россиянын Европа бөлүгүндө, Смоленск - Москва дөңсөөсүнүн кесилишкен жеринде, Мещёра түздүгүндө, Ока менен Волганын ортосунда, Москва д-нын боюнда, деңиз деңгээлинен 120 м бийиктикте жайгашкан. Климаты мелүүн континенттик. Январдын орт. температурасы -10°С, июлдуку 20°С. Жылдык жаан-чачыны 582 мм- ден 620 ммге чейин. Экол. абалы жылдан-жыл­га өтө тездик менен начарлоодо. Аянты 2561 км2 (2012); шаардын негизги чек арасы Москва ай­ланма автомобиль жолу аркылуу өтүп, шаар­дын аймагынын бир бөлүгү (аянты 877 км2) жайгашкан. М-га шаардан тышкары аймагы (анын ичинде Бутово, Жулебино, Куркино, Митино, Но­вокосино), Зеленоград шаар-спутниги, бир нече өзүнчө аймактар (суу менен жабдуучу жана канал­дар), Москва обл-нун (1480 км²аймагы (2011- 12-ж.; Троица, Щербинкаш., Киев, Кокошкин шаарчалары жана бир нече айылдар) курамына киргизилди. Калкы 13,0 миллион (2013). Орт. жыш­тыгы 1 км2 жерге 7901 киши туура келет. Шаар аймагы 12 администрациялык округга (анын курамында 123 район бар) бөлүнөт. Орустар басымдуу (89,7%), ошондой эле украин (2,9), еврей (2,0) ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Православие (243 диний уюму бар), протестант (200), иудей (25), будда (24), мусул­ман (18) жана католик (16) диндерин тутат. Учурда жергиликтүү москвалыктарга караганда кел­гиндердин саны тездик менен өсүүдө. Бул М-да социалдык чыңалууну пайда кылып, демогр.

Шереметьев аэропортунун «Д» терминалы.

абалы начарлоодо. Тогуз жолдун тоому (11 т. ж. түйүнү, 13 автомобиль жолу, 3 дарыя порту). Дүйнөдөгү эң түндүктөгү мегаполис. Эл аралык 4 аэропорту (Внуково, Домодедово, Шереметьев, Быков) бар.

М. - РФтин жана Борбордук федерация округунун администрациялык борбору укуктук статусу конституцияда бе­китилген. М-нын мамлекеттик бийлигинин органдар системасы 1995-ж. кабыл алынган уставы аркы­луу аныкталат. Мамлекеттик бийликти Москва шаар­дык думасы М-нын мэриясы менен бирдикте ишке ашырат. М. - аткаруу бийлигинин, жогорку мыйзам чыгаруу жана сот органдары жайгашкан жай.

М. аймагында адам таш доорунда эле жаша­ган. Биздин замандын 1-миң жылдыктын аягынан М. айма­гын славяндар (ветичтер, кривичтер) мекенде­генетикалык Жыл баяны боюнча 1147-ж. М. - Суздаль кня­зы Юрий Долгорукийдин ээлиги. 13-к-дын 2-жа­рымынан М. - Улуу Москва княздыгынын, 1325-40-ж. Владимир-Суздаль княздыгынын борбору. 14-к-дын 2-жарымында М-да Дмитрий Иванович Донской (1359-89) моңгол-татарлар­дын эзүүсүнө каршы күрөштү жетектеген (к. Ку­ликов салгылашы, 1380). 1610-12-ж. М-ны по­ляктар ээлеген. 1712-ж. борбор Санкт-Петербург­га көчүрүлгөнү менен М. 2-борбор маанисин жогот­кон эмес. 1812-жылкы Ата Мек. согушта Напо­леон I жетектеген француз аскерлери тарабы­нан (сентябрь-октябрь) катуу талкаланган. М-дагы Декабрь куралдуу көтөрүлүшү (1905) Орус революциянын (1905-07) эң жогорку баскычы бол­гон. 1917-ж. Февраль жана Октябрь революцияларынан (1917) кийин Совет өкмөтү Петрограддан М-га көчүрүлгөн (1918-ж. 12-март). 1918-жылдын 12- мартынан РСФСРдин, 1922-жылдан 1992-жыл­га чейин СССРдин борбору болгон. Улуу Ата Ме­кендик согушта (1941-45) М-ны коргоо үчүн айы­гышкан сапгылаш [к. Москва жанындагы сал­гылаш] болгон. 1947-ж. М. ш-нын негизделгени­нин 800 жылдыгына М-га баатыр-шаар (1965, 8-май) деген ардак наам ыйгарылган. Шаар 2 Ленин, Октябрь Революциясы ордендери, Ал­тын Жылдыз медалы менен сыйланган. 1992-жыл­дын 25-декабрынан Россия Федерациясынын борбору.

М. - өлкөнүн ири экономикалык жана финансы борбо­ру. М-да 700дөн ашык кредиттик уюмдар (Рос­сиядагынын 50% и) иштеп, өлкөдөгү 100 ири банктын 75и М-да жайгашкан. Ө. ж-дын бар­дык тармактары (тоо-кен менен токойдон башка) өнүккөн. М-да Россияда өндүрүлгөн ө. ж. продук­циясынын 6,7%и, анын ичинде (% менен) телевизор (23,3), коньяк (38,5), шампан (30), кондитер азыкта­ры (12,5), кыл торко (16,3), жибек кездеме (11,9), байпак (8,3), бут-кийим (6) жана трикотаж буюм­дары (3,4) өндүрүлүп, ошондой эле тигилүү буюмдар, парфюмерия-косметика, дары-дармек, эмерек чыгарылат. Полиграфия жана басма иштеринин да борбору. Региондук дүң продукциясы 1,6 миллиард рублди түзөт. Андагы ө. ж-дын үлүшү (% менен) 9,4, курулуштуку 4,5, соода жана товар сатуу боюнча коммерция иш кызматыныкы 50,4, бай­ланыш 3,3 жана транспорттуку 2,4. М-нын ө. ж-нын негизин машина куруу менен металл иш­тетүү түзөт. Авиация техникалары комплекси («Сухой», «МиГ», Ильюшин атындагы, «Туполев» фирмалары), автомобиль кураштыруу («ЗИЛ», Хурничев атындагы завод, «Москва подшипниги» АК ж. б.), станок куруу («Кызыл пролетарий», С. Оржоникидзе атындагы «Станок куруу» заводдору, автоматташтырылган линия ж. б.), электр-техникалык («Динамо» заводу ж. б.), прибор куруу (өндүрүш бирикмелери: «Манометр», «Геофизприбор» ж. б.); жылуулук автоматикасы, саат, подшип­ник, химиялык ө. ж. үчүн жабдуулар өндүрүшү, ме­таллургия («Орок жана Балка» ж. б.), химиялык, нефть-химиялык («Синтез», «Спектр ЛК», «Москва шина заводу», «Альфа-пластик бирикмеси» ж. б. ААКтары), электр энергетика (эң күчтүү ТЭЦ-21 жана ТЭЦ-26; Россияда өндүрүлгөн электр энер­гиясынын 5,5% и), курулуш материалдар, же­ңил (комбинаттары: кебез-кездеме - «Трёхгор­ная мануфактура», жибек кездеме -«Кызыл Роза»; бут кийим чыгаруучу «Буревестник», «Париж Коммунасы» фабрикалары ж. б.) ө. ж. ишканалары иштейт. Тамак-аш-татымал өндүрүштөрү (ири ишканалары: «Микоян» эт комбинаты, «Очаков ЛТД», «Лианозовский» сүт иштетүүчү ЖАК), ошондой эле кондитер азыктарын (ири фабрикалары: «Кызыл Октябрь», «Болыпе­вик», «Рот-Фронт», Бабаев атындагы кондитер кон­церни, «Корнет», «Москва республика аралык» шарап заводу; № 3 ун комбинаты), тамеки («Ява», «Дукат») чыгаруу өнүккөн.

М. - дүйнөдөгү эң ири маданий жана илимий борбор­лордун бири. Жалпы билим берүүчу 1584 жана 309 башталгыч жана орто окуу жайы, 118 мамлекеттик (анын ичинде М. В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети, П. Лумумба атындагы Эл достугу, Н. Э. Бауман атындагы МТЖОЖ, И. М. Сеченов атындагы Медициналык, К. А. Ти­мирязов атындагы А. ч., С. Оржоникидзе атындагы Мамлекеттик башкаруу, Г. В. Плеханов атындагы Экономикалык академия­лары), 140 мамлекеттик эмес ЖОЖ, Россия ИА (РИА), тармактык академиялар: Россия а. ч. (РАСХН), Россия медицина (РАМН), Россия билимдер (РАО), Россия көркөм (РАХ) академиялары, ошондой эле ЮОдөн ашык конструктордук бюролор, бир нече ири китепкана (Россия мамлекеттик, чет элдик адабият, тарых), лицейлер, коллеждер, гимназия­лар, 93 театр (анын ичинде Чоң жана Кичи, А. П. Чехов атындагы, М. Горький атындагы МХАТ, Евг. Вахтангов атындагы, М. Н. Ермолова атындагы, Вл. Маяковский атындагы, Моссовет атындагы, «Сатирикон», Сатира, «Современ­ник», «Ленком», Таганкадагы театрлар; Россия Армиясынын Борбордук, Жаштар, 4 куурчак), 109 кинотеатр, 31 концерттик зал, 141 көргөзмө

ком­плекстери, 78ден ашык музей (анын ичинде тарых, Пуш­кин атындагы Көркөм искусство, Мамлекеттик Третья­ков галереясы музей бирикмеси, Курал-жарак палатасы, Чыгыш элдеринин искусствосу ж. б.), бир нече цирк бар.

Шаардын эски бөлүгү радиустук-айланма пландалган. М-нын тарыхый очогу - Кремль ансамблинин аянты 27,5 га. Анын ички куру­луштары [Чоң Кремль ак сарайы, 19-к.; Мар­мар палатасы, 15-к.; Курал-жарак палатасы, 19-к.; Успенье (15-к.), Архангел (16-к.), Бла­говещенье (15-к.) соборлору, Арсенал, 18-к.] кыш дубалдар менен айланта курчалып, ар кандай 20 архитектуралык мунаралар чыгып турат. Архитектура­лык эстеликтеринен - Кызыл аянт, Василий Блаженный храмы, Вознесенье чиркөөсү Коло­менскийдеги архитектуралык монастырлар комплек­си менен (Андроников, Донский, Ыйык-Данилов, Новодевичье, Симонов ж. б.), чарбак ансамбл­дери (Кусков, Останкино, Кузьминка, Царицын ж. б.), 16-17-к-дын кээ бир курулмалары жана чиркөөлөр, коомдук жана турак жайлар (18- 19-к-дын 1-жарымы), классика стилиндеги Паш­ковдун үйү (учурда китепкана), Москва университети­нин эски жана Чоң театрдын имараты сактал­ган. 1920-30-ж. М-нын борбордук бөлүгү жана ири ма­гистралдар реконструкцияланган, мунун натый­жасында бир топ тарыхый баалуу эстеликтер талкаланып кеткен. 1950-жылдардын орто че­нинен типтүү долбоор менен ири райондор, жаңы микрорайондор, ири коомдук курулуштар, би­йик имараттар (анын ичинде Воробьёв тоосундагы ММУ), Эл чарба жетишкендиктеринин көргөзмөсүнүн (ВДНХ) курулушу (1992-жылдан Бүткүл россия­лык көргөзмө_борбору), Лужникидеги борбордук ста­дион комплекси, Мамлекеттик Кремль ак сарайы, Жаңы Арбат ансамбли, бир нече олимпиялык курулуштар, 1990-жылдан оюн-зоок-соода ири комплекстери ж. б. курулган. Ошондой эле талкалан­ган храмдар жана башка архитектуралык эстеликтер (Воскресенский дарбазасы, Кытай-шаардын ду­балдары ж. б.) калыбына келтирилди.

Россия Федерациясынын Өкмөт үйү.

М. - эң кооз байыркы архитектуралык курулушта­ры менен көптөгөн дүкөндөрү, заманбап мейман­каналары («Эл аралык», «Измайлов», «Космос», отелдери «Союз», «Спутник» ж. б.) жана көңүл ачуучу комплекстери менен Европадагы эң кым­бат борборлордун бири. Борбордук эс алуу жана мада­ний парктары (М. Горький атындагы, Измайлов жана Александров ж. б.) уюштурулган. 1980-ж. ХХП олимпия оюндары өткөрүлгөн. М-нын айлана­сында Россиядагы эң ири шаар агломерациясы түптөлдү. Кремль, Кызыл аянт жана Коломен-

«Маяковский» метрополитен станциясы.

скидеги Вознесенье чиркөөсү Буткул дуйнөлук мурастын тизмесине киргизилген.

М. - ири жол тоому жана т. ж. түйүнү. Т. ж-нун уз. 415,4 км (11 т. ж. тармагы бар). Шаарда 541 автобус (уз. 6083,8 км), 86 троллейбус (919,2 км) жана 37 трамвай (уз. 402,1 км) маршруттары, метрополитен (1935-ж. курулган, уз. 271,6 км\ 186 бекети бар) иштейт. Шаар Каспий, Азов, Кара, Ак жана Балтика деңиздери менен суу жол­дору аркылуу (эки вокзал, 2 порт) байланышат. Туризм өнүккөн. Ага 167 мейманкана (ар кан­дай класстагы) кызмат көрсөтөт.

Ад.: Саушкин Ю. Г. Москва. Географиялык мүнөз­дөмө, Фр., 1956; История Москвы с древнейших вре­мен до наших дней. М., 1997. Т. 1-3; Глушкова В. Г. Москва от центра до окраин. М., 2008; Москва. Эн­циклопедия. М., 1997; Экологический атлас Москвы. М., 2000; Москва//Большая Российская энцик­лопедия. М., 2013.

Т. М. Чодураев, Ж. Арзыкулов.