МОРДЮКСВА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска

МОРДЮКСВА Нонна (Ноябрина) Викторовна (27. 11. 1925, Донецк обл., Константиновка айы­лы - 9. 7. 2008, Москва) - орус актрисасы. СССР эл арт. (1974). 1954-ж. ВГИКти бүткөн. Студент кезинде «Жаш гвардия» фильминде Ульяна Гро­мованын ролун ойноп (1948, СССР мамлекеттик сыйл., 1949), көрүнүктүү романтикалык образды жа­раткан. М. чыгармачылыгында чыныгы орус аялынын салттуу жана заманбап чыныгы мүнөзүн кинодо көркөмдөп ачып берген: Глафира («Журавуш­ка», 1969), Угрюмова («Орус талаасы», 1972), Матрёна («Сормо», 1978). «Туугандар» (1982) филь­минде Мария Коновалова­нын ролун комедиялык об­разда жеткиликтүү ойногон. М. курч мүнөздөгү ролдорду да жараткан: соодагер аял Белотелова «Бальзаминов­дун үйлөнүүсү» (1965), Плющ («Жакут кол», 1969), Миша байке («Экөө үчүн

вокзал», 1983). «Түнөргөн таң», «Согуш жана тынчтык», «Алар Мекен үчүн салгылашкан» фильмдеринде актриса чеберчилик жөндөм­дүүлүгү ачылган. РСФСР мамлекеттик сыйл. алган (1973) «Кимдин кимдиги» («Кто есть кто» эн­циклопедиясынын, Лондон) редакциялык кеңе­ши актрисаны 20-к-дын 10 мыкты актрисанын катарына кошкон (1992).

Ад.: Пустынская Л. Д. Н. Мордюкова. М., 1983.