МОНТЕСКЬЁ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:16 учурдагы нуска
МОНТЕСКЬЁ Шарль Луи (Моп1езцшеп; 18. 1. 1689, Бордого жакын Ла-Бред замогу - 10. 2. 1755, Париж) - фр. философ, жазуучу, Агартуу агымынын ири өкүлү, бийликтин тең салмактагы үч бутакка (аткаруу, мыйзам чыгаруу жана көз каранды эмес сот) бөлүнүшүн жактоочулардын бири. Париж ш-на жакын Жюйи коллежинде, кийин Бордо университетинде окуп, адвокат болгон (1708). Бордо парламентинде (жогорку сот органы) кеңешчи (1713), анын төрагасынын орун басары болуп иштеген (1716-26). Анын «Персиядан кат» («Ьез БеНгез регзапез») сатиралык романын (1721) коомчулук жылуу кабыл алган жана Франция академиясынын мүчөлүгүнө шайланган (1728). Ошол эле жылдары Австрия, Италия, Голландия жана герман княздыктарына саякаттап, бийлик институттарынын системасы менен таанышкан жана бир жарым жылдай Англияда жашаган. Бул жерден бир нече жолу мыйзам чыгаруучу бийликтин төмөнкү палатасынын сессиясына катышып, парламентте оппозициялык партиялардын өкмөт жүргүзгөн саясатты ачык сындаганын көргөн. Мындай көрүнүш абсолюттук монархиянын тушунда Францияда мүмкүн эмес болчу, ошондуктан М. кайтып келгенден кийин мыйзам чыгаруу ж. б. социалдык институттарды өнүктүрүүнүн теориясын түзүүгө киришкен. Натыйжада 1748-ж. ал «Римдиктердин гүлдөшү жана кыйрашынын себеби жөнүндө ой толгоолор» жана «Мыйзамдардын маңызы жөнүндө» деген эмгектерин жазып бүтүргөн. Анын бийликтин тең салмактуулугу жөнүндөгү принциптери практика жүзүндө биринчи жолу Ж. Мэдисон түзгөн АКШнын Конституциясы аркылуу ишке ашкан.